www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Отко салса күйбөдүңүз,

Сууга салса чөкпөдүңүз.

Акаевден каңтарылып,

Бакиевден көктөдүңүз.

Талас жактан жоолук салып,

Кулов жактан «сөөктөдүңүз».

Атамбаев заманында,

Минфин жакты өкчөдүңүз.

Эстен кетпейт, элдин, журттун,

Бутун жалап өпкөнүңүз.

Сууга салса чөкпөдүңүз,

Отко салса күйбөдүңүз.

Куда болбой койгонуна,

Жээнбековду сүйбөдүңүз.

Жапаровго жалпалактап,

Далайларды сүйрөдүңүз.

Камын ойлоп «капчык» жактын,

Калкка эч бир күйбөдүңүз.

Жаркырайсыз, баркырайсыз,

Жаңырасыз, жамаласыз.

«Кумтөр» жакта «кутурдуңуз»,

Эми качан камаласыз?

Вазир болуп турасыз го,

Эми качан «хан» аласыз?

Президент болуш эмне,

Тирүү турса Анараңыз!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости