www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегиянын түндүгүндө НАТОго таандык MV-22B Osprey аскердик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Норвегиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү NRK, 4 кишилик НАТО учагынын "Муздак жооп 2022" НАТО машыгуусун аткарып жатып кырсыкка учурагандыгын маалымдады. 

Түндүк Норвегия Башкы куткаруу борборунун (HRS) басма сөз катчысы Ян Эскил Северинсен аймакта издөө иштеринин уланып жатканын кошумчалады.

Маалыматка караганда, Норвегиянын аскердик учагы Орион издөө иштеринин жүрүшүндө кыйраган учактын калдыктарын табышкан.

Норвегиянын куралдуу күчтөрүнүн коммуникация башчысы Оле Кристиан Эмаус борттогу адамдардын улутун билбегендигин, учактын АКШга таандык экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости