www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
— Жусупжан Амражанович, сиз 2010-жылы май айында Жалал-Абад шаарындагы тополоңду өз учурунда токтотуп калуу үчүн күч жумшаган адамдардын бирисиз. Тополоңду басууда азыр жогорку кызматтарда олтургандардын кимиси чоң салым кошкон?
— Бийлик алмашкандан кийин Жалал-Абад облусунун губернаторун шайлоо башталганда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында оңор эмес эл чогулган. Өзүмдүн кээ бир инилерим “Жээнбеков кайра болуп калабы?” деп менден кызгана башташкан. Мен губернатор болбоймун деп элдин көзүнчө айткам. Андан бир күн мурун Камчыбек Ташиев да губернатор болбой турганын айткан. Аянттагы элге Кадыржан Батыров жүздөй адамы менен кирип келди. Жанында жүргөн балдардын баары “кожа куртка” кийген, спортсмен балдар экени көрүнүп турат. Ызы-чуу болуп, тополоң чыгып кетчүдөй абал жаралды. Эл микрофондорду талкалап жиберишти. Трибунада тургандардын баарын кууп түшүштү. Мен жалгыз эле калгам. Менин колумду көтөрүп, сиз губернатор болосуз деп калышты. Элди тынчтыкка чакырып, өзүм губернатор болбой турганымды айттым. Тополоң басылбай турган жагына өтүп, үч тарап болуп тирешүүгө өтө баштады. Бакиевди колдогондор, жаңы бийликтин адамдары жана Батыровдун балдары менен өзбектер. Бул апрель айындагы окуялар. Элди шаардан алып чыгып кетпесе тирешүү тополоңго айланып, кан төгүлчүдөй болуп калды.
Элге чыктым да “Бол десеңер болоюн, азыр шаардан чыгып Базар-Коргонго же Шамалды-Сайга баралы. Ошол жактан жыйын өткөрөбүз”,- дедим. Ал учурда азыркы ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков ошол жерде элди тынчтыкка чакырып жүргөн. Ошол учурда ал УВДнын орун басары болуп барган экен. Элдин арасына коркпой кирип, тынчтыкты сактап жүргөнүн баары билет. Элди Базар-Коргонго алып чыгып, чыңалууну басаңдатканбыз. Ошол жакка элди алып баргандан кийин Бектур Асановдор барган. Мен губернатор болбоймун деп Бишкекти көздөй кеткем. Жолдо баратсам Роза Отунбаева телефон чалып “Жусуке, куттуктайм. Сиз ошол жерде элди карап бересиз”,- деп куттуктады.
Мен баш тартып Бишкекти көздөй кетип баратам, каалаган адамды коё бергиле деп айткам. Бектурду губернатор кылып дайындашкан. Чындыгында, ал учурда Бектур бир адамга караганда дурус болчу. Андан кийин деле абал тынчып калган жок. Батыров көөп кетти. Аны көптүргөн убактылуу бийлик болду. 19-майга караган түнү саат экиде мага Исмаил Исаковдонмун деп телефон чалып “Келбесеңиз болбойт, абал жаман”,- деди. Мен анда Ошто элем. Машинама жалгыз эле олтуруп алып, саат үчтө туура эле УВДнын имаратына бардым.
Барсам Сүйүн Өмүрзаков ошол жерде экен. Экөөбүз шаардагы абал тууралуу сүйлөштүк. Исмаил акени сурасам кабинетинде экен. Кирсем нары-бери басып жүрүптүр. Эмне болуп жатат?-деп сурасам, “Абал начар, жогор жактагы туугандарың түшкөнү жатат. Сузактын райондук кеңешинин депутаттары Сузакта чогулушуп олтурат”,- деп айтты. Биз да Сузакка келдик. Тааныган депутаттарга элди тынчтыкка чакырып, жоошуталы, улут аралык жаңжал чыгып кетпесин, ага жол бербейли деп айткам. Сүйүн Өмүрзаков да жаңжал чыгып кетпесин деп активдүү иштеген. Мен машинада бир саат уктап алып, саат алтыда шаарга кире бериштеги ипподромдун жанында жогор жактан келген элди тосуп туруп алдым. Келген элдердин баарын сөзгө келтирип, ипподромго киргиздик. Оштон спецназ барды. Аларды дагы ипподромго киргиздик. Исаков да ошол жерге барып сүйлөдү. Кечки бешке чейин элди ошол жерде кармап олтуруп, андан кийин таркатканбыз. Сүйүндүн кыргыздын чыныгы патриот жигиттеринин бири экенин ошондо көргөнмүн. Батыровдун “Достук” университетинин алдында болгон тополоңдо дагы элдин арасында болуп, тынчтыкты сактап жүрдү. Тополоңду басып калууга Сүйүн Өмүрзаковдун эмгеги чоң. Ошол учурда тополоңду өз учурунда басып калбаганда улут аралык кагылышууга чейин жетмек. Сүйүндүн ошол кезде жасаган эмгеги тууралуу эч ким айтпай жатат. Өзү да бул тууралуу “Мен мындай иш кылгам, эмгегим чоң”,- деп мактанбады.
Кыргызда жаман адат пайда болуп калды, колунан иш келип, өзүнө тың болгон кээ бир уул-кыздарыбызды түрдүү жаман сөздөр менен жекире баштаганыбыз зээнди кейитет. Азаматсың, өмүрлүү бол, иштериң ийгиликтүү болсун деген сөзгө эмнегедир сараңдык кылабыз. Мен Сүйүн Өмүрзаковго жасакерлик кылып жаткан жокмун. Ал жигит анык Кыргызстанга күйүп бышкан эр-азаматтарыбыздын бири. Тарых үчүн айтып коюуну парз деп түшүнөм. Бул бир эле көрүнүш. 2010-жылдын 19-майдагы Жалал-Абадда улут аралык кагылышууну токтотуп калганыбызды убагында атайын докладга, билдирүүгө да эч ким жазган эмес.
Ошол түнү жана ошол күндөрү Сүйүндүн Кыргызстанга жан оту менен берилип кызмат өтөгөнүн өз көзүм менен көргөнмүн. Азыр да өз элине кызмат өтөп жатканын көрүп жүрөм. Ушундай уул-кыздарыбыз канчалык көп болсо бул биздин элибиздин эле жеңиши болот.
Булак: “Жаңы ОРДО”