www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүзү жок Помпеочулар...

2-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Казакстанда болду. Ага чейин Помпео Украина, Беларуста болду. Украина, Беларуста Помпео Киев менен Минскини Москвага каршы тукуруу менен алек болсо, Астанада Кытайдагы мусулмандар маселесин козгоду.

Чындыгында Помпео жана ал сыяктуулар үчүн мусулмандар маселеси “түккө” турбаган нерсе. Кытайдагы мусулмандарды коргомуш болгон Помпеонун түпкү максаты Кытайды жаманатты кылуу, Кытай менен Казакстан жана башка мамлекеттердин ортосуна араздашуу отун таштоо…

Эгерде помпеочулар мусулмандардын укук жана кызыкчылыктарына бир аз көңүл бура турган болсо, адилеттүүлүктүн бир аз учкуну аларда калган болсо, анда 2 миллиондон ашуун палестиндердин Израилдин ачык асман астындагы абагында азапка салынышына чек коёт эле. Алар тескерисинче баскынчылыкты, өкүмзордукту колдоп, алсыз, куралсыз элди ченемсиз мүшкүлгө салып жатышат. Ооганстан, Ливия, Сирия, Иракта, Йеменде да АКШнын тескери ролу көрүнөт. Эгемендүүлүгүн көрсөтүп, АКШга каяша айткан Иран ар тараптан камалоого алынып, калкы кыйынчылыкка кабылууда…

Америка дүйнөдө адам укуктарын эң башкы коргоочу, демократиянын түркүгү катары турчу. Тилекке каршы ал образ, түшүнүк артка сүрүлүп баратат. Бул аянычтуу жана өкүнүчтүү.

Борбор Азия регионундагы салыштырмалуу эң демократиялык Кыргызстан да АКШнын мындай кубулуусунан жабыр тартып, кыйыр санкцияларына кабылып отурат. Визалык чектөө мына ошол кыйыр санкция…

Айданбек Акматов

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости