www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын беш айында Кыргызстанга чет өлкөлөрдө каза болгон 174 жарандын сөөгү жеткирилген. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, сөөктөрдү алып келүүгө 21 миллион сом бөлүнгөн.

«Жыл сайын бюджеттен “груз 200” үчүн 60 миллион сом каралат. Жалпысынан бул каражат жетиштүү. 2025-жылы чет өлкөдө 472 адам каза болуп, алардын сөөгүн алып келүүгө 56 миллион сом бөлүнгөн», — деди Бактыбек Кудайбердиев.

Ал ошондой эле акыркы жылдары кыргызстандыктардын арасында медициналык туризм популярдуулукка ээ болуп жатканын кошумчалады.

«Биздин жарандар ден соолугун жакшыртуу максатында Түркияга жана Индияга барышат. Тилекке каршы, каза болгондордун саны да өсүүдө. Жылына болжол менен 20–25 кыргызстандык дал ушул өлкөлөрдө көз жумат», — деди борбордун директору.

Эскерте кетсек, 3-июнда Нью-Делидеги Florist Inn мейманканасында ири өрт чыккан. Анда 21 адам каза болуп, алардын арасында үч кыргызстандык болгон. Маалыматтарга ылайык, мейманкананын чет элдик конокторунун көпчүлүгү Индиядагы медициналык мекемелерде дарылануу үчүн келген.

Последние новости