www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 1-апрелден 31-декабрга чейин сырттан алынып келген кумшекердин жана тазаланган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

"Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, 2022-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин Кыргызстанга импорттолуучу кумшекердин жана рафинаддалган өсүмдүк майынын кошумча наркына нөлдүк салык ставкасы белгиленген", - деп айтылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, 14 маселени караган.

Анын ичинде салык карыздарын өндүрүүнүн тартиби жана кыйыр ыкмалардын негизинде салыктык милдеттенмелерди аныктоонун методологиясы бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости