www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лола Каримова-Тилляеванын кызы Марьям Тилляева жолдошу Амиран Сардаров менен ажырашты. Бул тууралуу Амиран социалдык тармактагы баракчасына билдирди.

— Маша экөөбүз, тилекке каршы ажырашып кеттик. Сен акылдуу, энергиялуу жана жаркынсың. Ошол бойдон калышыңды чын дилимден каалайм! Эч качан кайгырба жана ар дайым бактылуу бол. Мен эң жакшы күндөр алдыда деп ишенем. Сен сөзсүз өз бактыңды табасың. Баары үчүн рахмат”, - деп жазган Амиран Сардаров.

Марьям Тилляева 2021-жылы апрель айында орусиялык блогер Амиран Сардаровго турмушка чыккан. Ушул жылдын август айында социалдык тармактарда Марьям Тилляеванын жылаңач түшкөн сүрөтү тараган. Кийинчерээк бул сүрөт анын жолдошу Амиран Сардаровдун Instagram баракчасынан алынганы белгилүү болгон. Бул окуя социалдык тармактарда талаш-тартыштарды жаратты. Көптөр Мариямды чоң атасы Ислам Каримовдун элесин сыйлабаганы үчүн айыпташкан.

Андан көп узабай Лола Каримова-Тилляева социалдык тармактагы баракчасына билдирүү таратып, бул кызынын жеке жашоосу экенин айтып, аны биринчи президент Ислам Каримов менен байланыштыруу туура эмес экенин билдирген.

Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева жолдошу Тимур Тилляев менен кызы Марьям менен мамилесин үзгөнүн Амиран Сардаров былтыр декабрда маегинде айткан.

Амиран кыздын ата-энеси Марьямдын жашоосунда пайда болгондон кийин ажырашып кеткенин айтат. Алар Амиранды үй-бүлөгө ылайыктуу күйөө бала катары кабыл алышкан эмес.

Сардаров бир нече жолу интервьюларында “үйлөнүү мен үчүн эмес” деп айткан. Бирок ал декабрь айындагы маегинде жубайы Марьям менен бактылуу экенин, а түгүл алардын бактысына көз арткандар бар экенин жар салган. Анын айтымында, бул бакытка жетүү үчүн түгөйлөр чоң жоготууларга учурашкан.

Мариямдын ата-энеси кызы ага туура өнөктөш тандайт деп үмүттөнүшкөн, бирок анын блоггерге турмушка чыгуу чечими бардыгы үчүн күтүүсүз болгон.

Амиран жубайы Марьям экөө ата-энелери менен тил табыша албай кыйналышканын мойнуна алды.

«Мен дагы эле жеке жашоом тууралуу ачык айткым келди, бирок Маша экөөбүздүн ата-энеси менен мамилебиз жакшы эмес экенин ачык айта алам. Мен анын жашоосунда пайда болгонум менен алар кызы менен сүйлөшпөй калышты. Азырынча мен муну гана айта алам», - деген Амиран Сардаров декабрь айындагы маегинде.

Жубайлардын ажырашуусу тууралуу кабар Амирандын баракчасында гана чыккан. Бул тууралуу Мариям Тилляева айткан жок. Акыркы маалыматтар боюнча, ал учурда Москвада жүрөт. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү калемпир сайты жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости