www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпонбек Абыкеев “эки догдур” тууралуу айласыз пикирин айтты. Төмөнкү пикир, Кыргыз Республикасынын Президенттинин Кеңешчиси Чолпонбек Абыкеевдин баракчасынан алынды:

Реформанын сыры жана ыйы

Мамлекеттик башкаруу системасында реформа жүрүүдө. Болгону ал жумшак формада башталгандыктан көп байкала элек. Улам “дөңгөлөк” ылдамдап айланып күчөгөн сайын билине баштайт. Мен мурда да жазгам. “Реформа кылабыз”- деп койсок эле реформа өзү жүрүп кетпейт. Анын жүрүшүндө ачуусу көп болот. Жан кейиткен жагдайлар чыгат. Канчалаган жылдар көнүмүмшкө айланган адаттар бузулуп жаңылары пайда болот.

Жаңы нерсе жакшы болсо да дайым эле жеңил кабыл алынбайт. Жаман болсо да эски адаттан чыккысы келбегендер көп болот. Бул оор пароцесс. Ошондуктан мамлекетти сазга батырган эскиден сууруп чыгып жаңы багытка буруу тозоктун тозогу.

Ага эр мүнөз чыгаан лидер жетекчилер гана чыдайт. Чындап жакшы заманда жашагысы келген жана утурумдук кыйынчылыкты биригип тиштенип көтөргөн эл гана чыдайт. Ошондо гана реформа максатына жетет. Өнүккөн мамлекет курууну, элин жыргаал заманда жашатууну бардык эле мамлекет башына келген эл башы каалайт. Бирок ага жетиш жомоктогудай кыялдануудан эмес, түмөн түйшүктүү иштен турат. Туура кабыл алынган багыт, анан аны толук аткарууга чыдап аягына чыгуудан турат. Реформаны жаңы баштаганда коомдун кысымынан коркуп кетип артка кетенчиктө же барын токтотуп коюп эски тынч жашоону улантуу көп болот. Бүгүн биз так ушул эки айрылыш жолдо турабыз.

Кайсыл бир коомго реформа жасаштан мурда ошол коомдун көп жыл калыптанган мүнөзүн так билүү керек. Анда бүгүнкү Кыргыз коомунун ички мүнөзү кандай?

Кыска жана ачык жазганга аракеттенели. Биздин бүгүнкү коомдук мүнөзүбүз Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган расмий мыйзамдарды сактап жашаганга караганда коом өзү каалаган, ошого ылайыкташтырып алган жашоодо жашаганды жактырат. Бул демократияга караганда анархияга жакын мүнөз. Бизде демократтын тонун кийген анархистер көп. Өздөрүн демократмын дейт бирок жасаган иши анархистики. Керек болсо алар ушул эки сөздүн айырмасын деле түшүнүшпөйт. Так ошол анархистер коомдун туура өсүшүнө жолтоо болуп бут тоскон, коомго жаман адаттарды, мыйзамсыздыкты калыптандырган эң коркунучтуу душмандар. Муну баарыбыз эле ажырата биле бербегендиктен көп учурда аларды колдойбуз. Анархия үстөмдүк кылган коомдо эч убакту өсүш болбойт. Реформа жүрбөйт.

Так мисал келтирейин. Бүгүн элде “4-оорукана” деген ат менен белгилүү болгон жайдын директору С.Жумабеков менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин ортосунда тирешүү болуп, С.Жумабеков “Кызматтан кептейм аны Президент чечсин”- деген талап коюда. (Айтып коеюн. Менин С.Жумабеков, Д.Жумабеков менен да жакшы мамилем бар. Жанагы Саламаттыкты сактоо министирин тааныбайм, сүйлөшүп да көргөн эмесмин. Чынымды айтсам С.Жумабековду мисал келтиргениме ичим ооруп турат. Бирок улуу сөз бар “Платон менин досум бирок чындык андан жогору турат”- деген. Макаланын маани маңызын толук түшүндүрүүгө оңтойлуу мисал болгондуктан кана келтирдим. Коомчулук экиге бөлүнүп чуу түшүүдө. Бир тарап “С.Жумабеков кетсин”- дешүүдө. Экинчи тарап “Жок С.Жумабеков кетпеши керек”- дешүүдө. Ойлонгулачы? Мыйзам деген кайда калды? Коомчулук чуулдап “Кетсин”- деген кетип. “Калсын”- деген калса анда жанагы Баш мыйзамыбыз баштап “Эмгек кодекси”, “Мамлекеттик кызмат жөнүндө”- деген толгон мыйзамдардын кереги барбы? Мыйзамдуулукту коргогон Сот баш болгон укук коргоо органдарынын кереги барбы? Кана кимиң кандай жооп бересиң? Бул жерде эмне болуп жатат? Мыйзамсыздык. Анархия болуп жатат. Оорукана мамлекеттики. Жетекчини министр дайындайт жана кызматтан алат. Министр чечим чыгардыбы аны аткаруу керек. Эгер министр мыйзамды бузса сотко кайрылуу керек. Эгер чын эле мыйзам бузулса Сот министрдин чечимин жокко чыгарып жабыркаган тарапты кайра ордуна коет. Мыйзам жолу ушундай. Келген кишилерди кийирбей кайра кууп жиберүү, оорулуулардан бери чыгарып эшик тостуруп көчөгө алып чыгуу, коомдо чуу жаратуу бул мыйзамсыздык анархия. Эсиңерден чыгарбагыла коррупциянын гүлдөп өсүшүнө “дары” болуп жол ачкан так ушул анархия. Ал эми коррупция гүлдөгөн коом эч убакта өнүгө албайт.

Мына силерге реформанын ыйы. Мыйзамдуулукту орунотуунун, мыйзам жолуна баш ийүүгө жетүүнүн басып өтөөр жолундагы ый. Ачуу бекен? Мына мен жанагы көп жылдык көнүмүш адатты жок кылып жаңыланууга өтүүнүн оорчулуктары дегеним. Мына мамлекеттик жетекчинин чыдамкайлыкты көрсөтө турган мисалы. Ача жол турат. Эски көнүмүш адатты бузбай коомчулукка жаман көрүнбөй тынчыш керекпи же коомчулук ызылдаганына карабай мыйзамдуулукту сакташ керекпи?

Эми коомчулуктун өзүнө да суроо коеюн. Биз чын эле мыйзам диктатурасы үстөмдүк кылган өнүп-өскөн коомдо жашагыбыз келеби? Экономикабыз, рухий маданиятыбыз өсүп-өнүшүн чын эле каалайбызбы? Мамлекетибиз келечекте астынкы мамлекеттердин катарында болуп келечек муун балдарыбыз жакшы жашашса дейбизби? Анда ар бирибиз ойлонбойлубу?

Сөз кылсак Сингапур, Япония, Түштүк Кореяны тамшанып айтып, “Эмнеге ошолордой жашабайбыз?”- дейбиз. Ошол эле маалда ар бирибиз өз жоопкерчилигибизди ойлобойбуз. Бүт күнөнү бийлик башындагыларга оодарабыз. Жеке жоопкерчиликтен качабыз. Же такыр түшүнбөйбүз. Түшүнгүбүз да келбейт. Ар кимибиз өз мыйзамыбызды туу туткубуз келет. Ар кимибиз өз чындыгыбыз менен жашагыбыз келет. Оозума эмне келсе сүйлөп, оюма эмне келсе жасай берсем жакшы дейбиз. Бир дагы өнүккөн мамлекетте андай жашоо жок. Мисалга Сингапурда көчөгө таштанды таштасаң же түкүрүп койсоң 100 доллардан 150 долларга чейин айып төлөйсүң. Коомдук тартиптин майда чүйдөсүн эле бузсаң. Мисалга биздин демократ Ө.Токтонасыров сыяктанып жалгыз пикетке кыйкырып чыксаң ошол эле жерден элдин көзүнчө өкүртүп көчүгүңө балак урат. Жакшы бекен? Жакшы жашагың келеби? Анда анын мыйзамына чыда. Жакшы жашоону эңсейм бирок мыйзамсыз жашоо болсун. Азыркыдай коомчулук чуулдаса мыйзам “Буйлалаган төө болуп”- биз каалаган жакка бурула берсин. Көчөдө түкүрөмбү, таштанды таштаймбы эч кимдин иши болбосун, мыйзамды бузганын билип турсам да, коррупционер болсо да мага жаккан адамды кыйкырып колдой беришим керек.”- десең анда “Жакшы жашоого жетсем”- деген кыялың кылымда да ишке ашпайт. Ошондуктан жакшы жашоону талап кылардан мурда өзүңө да талап кой “Мен ошондой жашоого жетиш үчүн өзүмдү өзгөртөйүн. Мыйзамсыз иш жазса бул дүйнөгө жараткан ата-энемди да колдобой каршы чыгайын. Мыйзамдуу ишти жан аябай колдоюн. “- де. Ошондо гана жакынкы жылдарда биз жогорудагы тамшанган өлкөлөрдүн өсүш жолуна түшөбүз. Мындан башка жолу жок, - дейт мамлекеттик катчы Чолпонбек Абыкеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости