www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колунан келгени, келбегени да төө бастыга алып жатышат. Биз Сабыр байкеге ишенебиз. Бул тууралуу экс-депутат Жылдыз Мусабеков өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Унчукпай кое албадым. Колунан келгени, келбегени да төө бастыга алып жатышат. Биз Сабыр байкеге ишенебиз. Аябай сыйлап, үй-бүлөбүз менен урматтайбыз.

2004-жылы чоң кырсыктан жабыркап, комага түшкөн жолдошумду кылдаттык менен дарылап, өзүнө келтирип, канчага бөлүнүп, чачырап, сөөктөрү этке кирип ириңдеп, гангрена болуп кеткен буту-колун кесип салбай эки жолу ювелирдик операция жасады. Жолдошум 31ге жаңы эле чыккан кези эле. Бир жылдай жаттык 4-ооруканада. Коридорунда дос, тууган, тааныштар менен канча гана көз жаш төкпөдүм, кудайга жалындык. Баарыңыздардын ошондогу колдооңорго рахмат! Ооруканын ушундай сакталып, мыкты шакирттер пайда болгонуна Сабыр Жумабековдун салымы зор. Күнү-түнү ооруканада жашайт.

Анан 2011-жылы 6 жашында кызым Нестанды да кырсыктан кудай сактап Сабыр байкеге бардык. Колунун чыканагы чачырап кеткен. Көп учурда врач профи болбосо чачыраган чыканактын айласын таппай колду кесип же туура эмес операция жасаса бала чоңойгон сайын кол өспөй калат экен. Чорт сынса кол, бут эчтеке эмес. Чыканак талкаланып кеткен азап тура. Ошондон уламбы Несташ катуу таасирленип тамга тааныгандан кийин эле биология, медицина темасын казып окуду. «Медик болом» деген астейдил тилеги бар.

Несташко азыр ТВдан Сабыр байкени көргөн сайын «он мой второй отец, мой бог» деп телевизорду өөп калат. Демек жомокту чынга айланткан Сабыр байкеге узун өмүр.

P.S. Сасыктар көп эле. Кошомат кылып жатат дебегиле. Сабыр байкени 1995-жылдан бери тааныйм. «Асабага» мактап, даңктап эле жазып атчумун. Мактоого татыктуу миллион жолу. Жолдошум кырсыктаганда 2004-жыл болчу. Депутат дагы, атактуу дагы эле эмес элем. Операцияга, темирге эл катары баасын төлөгөнбүз. Элдин баарына доктурлар өз чөнтөгүнөн салмак беле? Эгер Сабыр байке болбогондо ошондо жолдошумдун бутун, колун кесип салышмак...

Сабыр байке менен андан кийин таанышкандар мени да ушактап ийгенге үлгүрүшчү.

Колуңуз дарт көрбөсүн! Биздин үй-бүлөнүн ангел хранители!», - деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости