www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Керегем сага айтам, келиним сен ук, Уугум сага айтам, уулум сен ук” (Кыргыз эл макалы)

Бул турмушта “Лицо эпохи определяют ее лидеры” деген түшүнүк бар. Ал эми кыргызда болсо “Доордун жүзү – анын лидеринин жүзүнө окшош” деп коюшат. Мисалы, өткөн өксүк 30 жылдын ичинде беш доорду басып өттүк. Ал жылдар тууралуу эл арасында: а) ачкөз Акаевдин доору, б) бандит Бакиевдин доору, в) саясый реакционер-реваншистка РИО айымдын доору, г) арамза Атамбаевдин доору жана д) жылма-жойпу Жээнбековдун доору катары айтылып жүргөнү жалпы коомчулукка маалым.

Ал эми өткөн 2021-жылдын 28-январында элдик референдум аркылуу жаңы кабыл алынган Конституциянын негизинде бийликке келген лидер тууралуу элде “эмгекчил элдин эңсеген ээси келди” деген өзгөчө зор ишеним пайда болду.

Ооба, чындыгында эле, карапайым калктын кызыкчылыгы үчүн керт башы менен жооп бере турган милдетин кынтыксыз аткаруу иретинде ар бир иштин көзүн көрүп, кыска жолун таап жана аны кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырып жаткан президенттин эркин ой жүгүртүүсүнө жетише албай жаткан айрым “акылман” кеңешчилеринин бири алдастап, экинчиси алаканын жайып, үчүнчүсү “эми эмне кылабыз, дипломдуу “көк мээлердин” доору келип калыптыр” деп кейип-кепчип отурушканы өзгөчө өкүндүрөт.

Кыргызда “Жакшы атка бир камчы, жаман атка миң камчы” дегендей, “иш билген адам иштин жолун издейт, иш билбеген анын себебин издейт” эмеспи. Анын сыңарындай, аны түшүнбөгөн кеңешчилердин кереги эмне (?) деген ой кетет экен аргасыздан. Ооба, президент мырза, сиздин бир эле кеңешчиңиз бар.

Ал – өзүңүз билгендей ак эмгектин ээси, ар-намысы күч, абийири таза, акылман, карапайым калкыңыз. Анын айткан сөзү – жазылбаган мыйзам. Анын аткарган иши – адилеттүүлүктүн, адамгерчиликтин үлгүсү. Ошондуктан, мен өзүмдүн жарандык укугумдан пайдаланып, калың кыргыз журтчулугуна атайын кайрылгым келет. Ырас, турмуш деген турмуш, отуз жылы оромпой тээп, билгенин кылып, эл-жеринин байлыгын талап-тоноп күн кечирген эргулдардын доору аяктап баратканы, албетте, алар үчүн абдан оор мезгил.

Ошондуктан алар да акылынын жетишинче жана колдорунан келишинче жанталашып, арам байлыктарын сактап калуу максатында аёосуз күрөшкө чыгышары айтпаса да түшүнүктүү. Демек, азыркы убакыттын эң талуу жери так ушул жерде – калп эле күйгөн киши болумуш болуп, кеп-кеңешин айттырып, убакытты атайын создуктуруп, ал ортодо белгилүү эл аралык реакциячыл уюмдар (АКШнын Мамдепи, Россиянын КГБ-ФСБсы, Израилдин “Моссад” ж.б. ачык жана жабык коопсуздук агенттиктери) аркылуу эл аралык башкесер (террордук) топторду жалдап (жакында эле Алматыда болуп өткөн массалык басып алуу сценарийи боюнча) көп жылдардан бери атайын чечилбей келе жаткан кыргыз-тажик чек ара маселелерин да чукул арада курчутуп жибериши ажеп эмес деп ойлойм.

Мындай шартта, албетте, жаңыдан калыптанып келаткан “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” концепциянын элементтери экинчи эшелондо калып, алдыга коргонуу жана согуш-чара аракеттери чыгып калышы мүмкүн. Тфу, тфу!.. Кудай анын бетин ары кылсын дейли.

Демек, ошондой болбос үчүн биз эмнеден башташыбыз керек? Ооба, ошондой болбос үчүн эң биринчи кезекте:

1. Президенттин №1 жарлыгын аткаруу максатында 2021-2026- жылдарга инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү концепцияны ыкчам иштеп чыгып, анын негизинде кыска жана нуска жазылган Улуттук идеологияны тез аранын ичинде кабыл алып, анын эң биринчи кадамы катары:

а) Улуттун кызыкчылыгын – мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калуу максатында патриоттук сезими күч инсандардан турган коомдук мобилдүү армиянын командасын кыска мөөнөттүн ичинда калыптандырып, анын толук кандуу иш алпарышына баардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап, тез аранын ичинде жана эл аралык мыйзамдардын негизинде ишти аягына чыгаруу зарыл;

б) Чек ара маселеси толук кандуу жана сапаттуу чечилип, акыркы чекит коюлгандан кийин гана экинчи маселеге өтүүбүз мүмкүн;

в) Бул схема дүйнөлүк практикада эч кимге жаңылык деле эмес. Ушул эле жол менен 1996-жылы Россиянын жаңы премьер-министри В.В.Путин мырза өзүнүн улуттук концепциясын ишке ашырган.

2. Экинчи кезекте – алдыңкы технологиялык жана жаңы техникалык прогресстин негизинде иштеген өндүрүштөрдү ишке киргизип, аларды экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн баардык тармактарында рационалдуу колдонуп, жалпы элдин жашоо-турмуш деңгээлин көтөрүү.

3. Кылым карыткан улуу кыргыз элинин акыл-эси – анын тили, дили, каада-салты жана руханий адеп-ахлактык дүйнөсү – анын улуттук идеологиясынын эң башкы туу чокусу. Ал ыйык сапаттар – ошол илгерки ата-бабаларыбыздын акыл-эси менен калыптандырылган коомдун жашоо-турмуш философиясы, каада-салты, бийик руханий дүйнөсү жана ыйык мурасы.

Алар эч качан бузулбашы керек. Аларды ар бир адам көзүнүн карегиндей сактап жашоосу зарыл. Ошондо гана ошол эл өзүн өзү сыйлаган эл катары өзүн сактап кала алат. Ооба, биз аны эч качан унутпашыбыз керек, адам катары, инсан катары. Анткени ал биздин тагдырыбыз. Демек, биздин тагдырыбыз – биздин колубузда.

Жалпы коомчулукка терең урматым менен, Карыбай Турусбеков

Булак: Азия News гезити

Последние новости