www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шейиттеринин арбактары, бүгүнкү күнгө дейри жайын таба элек. Анткени чыныгы күнөөлүүлөр жазасын алышкан жок. Мындай пикирин белгилүү саясатчы Жылдыз Жолдошова билдирди. 

"Ош окуясы "саясий соодалашууга" колдоно турган окуя эмес. 15-август 2022-жылы Ош окуясы боюнча сот.

УӨтүн 4 гана мүчөсүнө кылмыш иши козголгон 14 мүчөлөрүнүн ичинен, муну кандай түшүнсө болот?

Бирок, Өткөөл мезгилдин Президенти Роза Отунбаевага, негизги күнөөкөрлөрдүн бири Өмүрбек Текебаевке кайсы мыйзамдын жана эмне себептен кылмыш иши козголгон эмес?

Кимиси Президент болбосун, өз бийлигинин учурунда болуп өткөн кандуу окуяларга керт башы менен жооп бериши керек. Конституцияда ушинтип так жазылган.

Дагы бир жолу, урматтуу мекендештер ынандыңарбы? Айрыкча кыргыз саясатында тарапташ (соратник), саясий өнөктөштөр, партиялаштар, дос-деген жок.

Саясатда кызыкчылык гана бар. 
Бул ыйык нерселер көрсө бийликке жетиш үчүн гана айтылат экен. 

Эртели кеч,  баары бир бири-бирин сатышат тура, керек болсо досу дагы...аттиң.

Эмне демекчимин, азыркы бийлик төбөлдөрүнө:
Ош окуясы, тандалма тартипте кылмыш ишин козгоп же болбосо өч алуу үчүн, же "саясий соодалашууга" колдоно турган окуя эмес. 

Ош шейиттеринин арбактары, бүгүнкү күнгө дейри жайын таба элек. Анткени чыныгы күнөөлүүлөр жазасын алышкан жок.

Абайлагыла... Ал эми УӨтүн мүчөлөрү болобу, же башкаларыбы чыныгы күнөөкөрлөр кимиси болбосун сөзсүз, талашсыз жазасын алышы зарыл.

Бир убакта, чыныгы мекенчил, мамлекетим, элим деген, убадасына бекем, кекчил эмес, таза инсан Президент болгондо, Ош окуясынын чындыгы чыгат. Ага мен ишенем", - деп белгилеген Жолдошова.

Булак: NazarNews.k

Последние новости