www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Медетканов Жыргалбек Баатырбекович Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төоагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жыргалбек Медетканов буга чейин министрликке караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору кызматын аркалап келген. Анын курулуш тармагындагы эмгек жолу 2008-жылы инженер адиси болуп башталган.
Белгилей кетсек, буга чейин министрдин орун басарынын кызматын Талантбек Иманакун уулу аркалап келген. Тиешелүү чечимге ылайык, ал аталган кызматтан бошотулду.