www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаардагы бир катар жол объектилерин кыдырып, капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле оңдолгон эки жол тилкесин ачты.
Ал Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги жолдун капиталдык оңдолушу аяктаганын текшерип, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөргө байланыштуу калган иштерди бир жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, Чыгыш автобекетинин айланасын иретке келтирүү, кошумча унаа токтотуучу жайларды түзүү жана имараттын тарыхый-маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен фасадын жаңылоо тапшырылды.
Мэр Ж. Абдрахманов жана Гүлчынский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңыланган жол тилкесин да ачты. Андан соң Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки бөлүгүндөгү оңдоо иштерин текшерди.
Ошондой эле Келечек-9 көчөсү аркылуу «Дордой-автозапчасти» базарына баруучу жолдун курулушу каралды. Жеке компанияларга бул тилкени 24 сааттын ичинде асфальттоого киришүү тапшырылды. Тапшырма аткарылбаса, жолду оңдоо иштерин мэрия өзү жүргүзөрү эскертилди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кыргыз көчөсүнүн Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки бөлүгү да текшерилди. Бул жерде канализация тармагын төшөөнүн негизги иштери аяктап, учурда жолдун негизин жана жол төшөлмөсүн куруу башталууда.
Жыйынтыгында мэр жооптуу жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүтүрүүнү, жол катмарынын сапатын камсыздоону жана жол боюндагы аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүнү тапшырды.