www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйымдар менен төлөмдөр жана айып пул түрүндө түшкөн бардык каражаттар республикалык бюджетке чегерилиши керек. Мындай талап Өкмөт тарабынан демилгеленип жаткан бюджеттик мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө камтылган. Бул маселе бүгүн, 10 – сентябрда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралып, жактырылды.

Шайлоо күрөөсү Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебинде сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин республикалык бюджеттин эсебине которулат. Бул тууралуу да жогорудагы мыйзам өзгөртүүлөрүндө айтылат.  

Ошондой эле тармактык комитеттин бул жолку жыйынында Кыргыз Республикасында гемодиализ алган оорулуулардын кайрылуусуна да көңүл бурулду Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости