www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул дүйнөдө ар бир адам бир нерсеге шыктуу. Кимдир бирөө бала кезинен эле билсе, дагы бири чоңоюп калганда байкайт, ал эми кээ бирлери жашы толгон убакта гана өз шыгын түшүнүшөт. Келгиле, кимдин эмнеге шыктуу экенин жылдыздар кандай айтарын карап көрөлү.

Кой

Сиз өзүңүзгө ишенген адамсыз жана алдыга коюлган баардык милдеттерди аткара аласыз. Адамдарды башкарганды жана аларды артыңыздан ээрчиткенди билесиз. Сиздин шык – чоң компаниянын жетекчиси.

Букачар

Букачарлар болгон нерсесин тыкыр кайтарышат. Алар көнүп калган жумушунан оңой менен кете алышпайт, ошондуктан ал жумушунда көбүрөөк кармалууга жана карьералык тепкичтен көтөрүлүүгө аракет кылышат. Букачардын чыныгы шыгы – бул финансылык операциялар. Алар материалдык баалуулук бар нерселерде күчтүү келишет.

Эгиздер

Эгиздер акылдуу жана тапкыч келишет, жаңы маалыматты бат кабыл алышат. Эгер анын эмгеги элге пайдалуу болорун жана өзүнө жакшы киреше алып келерин түшүнсө, күнү-түнү иштегенге даяр. Эгиздердин чыныгы шыгы – бул чыгармачылык. Эгер алар ушул багытта кетишсе, ийгиликтердин жаратмандары болушарынан шек жок.

Бөйөн

Бөйөндөр ушунчалык боорукер болушат. Ошондуктан алар өздөрүн бирөөгө кам көрүү керек болгон жерде көргөзө алышат. Ошол себептен алар бала бакчадагы тарбиялоочу, мугалим, же жаныбарларды багуучу мекемелердин адиси боло алышат.

Арстан

Арстандар – күчтүү инсандар. Алар өзүндө лидерлик менен чыгармачыл адамдын сапаттарын айкалыштырышат. Арстандар башкаруучу кызматтарды да, искусство тармагын да бирдей алып кете алышат. Алардан мыкты музыканттар, сүрөтчүлөр, бийчилер жана башка искусствонун чеберлери чыгышат.

Бийкеч 

Бийкечтерге жашоодо шык табуу кыйыныраак болот. Алар үчүн эң мааниилүүсү – баардыгы жакшы болоруна ишенүү. Булардын аналитикалык жөндөмдүүлүгү финансылык операцияларды башка жылдыз белгилерине караганда эффективдүү кылганга жардам берет.

Тараза

Таразалар бул жашоодо эмне кааларын бала кезинен эле билишет. Бул кандайдыр бир адистик эмес, өз тагдырын байланыштыра турган багыт болушу мүмкүн. Бул жылдыздын шыгы – сулуулук менен тазалык балансын тең салмакта кармоо. Ошондуктан алар көбүнчө дин кызматкери, психолог, сүрөтчү жана PR-адистери болушат.

Чаян

Чаян майда-чүйдөгө башын оорутпайт, ошондуктан адистикти жакшылап тандайт. Чаяндардын арасында улуу окумуштуулар, программисттер, ойлоп табуучулар жана искусство кызматкерлери көп кездешет.

Жаачы

Жаачы эч качан бир орунда отурбайт жана алдыга гана жылганга аракеттенет. Алар илимди жакшы көрүшөт жана эл биле элек процесстерди биринчилерден болуп билишет. Жаачылар адамдар менен бат тил табышат. Алардан жакшы врачтар, өзгөчө педиатрлар, психологдор жана окумуштуулар чыгышат.

Текечер

Текечерлер эски көз караштуу болушат. Алар калыптанып калган традициялардан чыгышпайт. Булар тыкан жана абийирдүү адамдар, баарына кылдат аракет жасап, максатына токтобостон багыт алат. Алар илимде, финансылык иштерде, техника менен архитектурада ийгилик жаратышат.

Суукуйду

Суукуйдулар өзү тандаган баардык сферада ийгиликке жетишет. Кызыгы, жаш кезинде алар анча дымактуу болушпайт. Ийгиликке жетүү тилеги кийинчерээк келет. Бирок, жаш кезинде алар улам жаңы адистикти сынап көрүү менен өзүнө көп тажрыйба чогултат.

Балыктар

Бекеринен Балыктар эки жакка сүзгөн балыктар түрүндө белгиленбесе керек. Бир жагынан булар максатка багытталган жана эпчил болушса, бир жагынан – кыялкеч жана аристократ болушат. Бул белгинин өкүлдөрүнүн арасында чыгармачыл адамдар көп. Балыктар искусство тарыхында көрүнүктүү орундарды ээлешет

Булак: Азия News гезити

Последние новости