www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, Жылдыз Мусабекова социалдык баракчасы аркылуу өзүнүн ойлору менен бөлүштү:

"Асабада" "Жан маанай" деген рубрика бар эле. Ички уйгу-туйгубузду жазчубуз. Илхам ойгонду окшойт. Бир саам отура калып өзүмдүн "Жан маанайымды" жаздым..

Жер качан каймактаганын билбейбиз? Билгибиз деле келбейт? Билгенде не?

Ошо жер каймактагандан бери жазылып, жазылбаган мыйзам бар. Ал мыйзам-адамдар бир-бирин жейт. Узун, туурасынан, капталынан, башынан ылдый, киндигинен, чачынан, башын жарып мээсинен. Айтор, тойгончо жешет. Жесе да баары бир тоюнушпайт. Тойбогон бойдон кете беришет. Көзү тойбогондун көкүрөгү качан тоймок?

Эки дөө кагышса да ортосунда бирин бирин жеген адамзат. Эки дөөнү да жайына койбой чабыштырган да адамзат. Жегендерди карап отуруп тобоо кылдым.

Бир аз мурун бүт аалам, анын ичинде алакандай кыргыз өмүр, өлүм деген чоң күрөшүндө эле. Дагы деле күрөшүп атышат. Өмүр, өлүм тирешинде көп мыктыларды, жакындарды, элибизди жоготтук. Боздодук. Сыздадык. Жер муштадык. Көз жаштар көнөктөй төгүлүп, жамгырдай жаады. "Адамдардын жан дүйнөсү бир аңтарылды, өмүрдүн баркын, бир бирибиздин кадырыбызды, баалуулуктарды билди" дедик.

Жок! Кемчонтой экенбиз! Унуттук! Унутушту. Кайра эле баягыдай бир-бирин жеп атышат.

Адамдан көңүлү калбаган кайран ӨМҮР! Адамды мээримге, боорукерликке, ыйманга, акыйкаттыкка, адилеттикке, бир бирин кастарлоого чакырган ӨМҮРдү да жектедик. Уккубуз, сезгибиз, көргүбүз, билгибиз да жок.

ӨЛҮМ менен шериктеш, санаалаш, пикирлеш адамдар арбыды. Тилектери-жамандык, арамдык, жалган жалаа, бузулган пейил, куйтулук, эки жүздүүлүк. Адамды боз топурак, бөз кепинге жетелеген ШАЙТАН менен коюн-колтук алышкандар арбыды.

Бир-бирин жеген адамдар кайда баратасыңар? Кайда жетеледиңер бир-бириңерди?

Өмүргөбү же Өлүмгөбү?
10-сентябрь. 2020-жыл."

Булак: NazarNews.kg

Последние новости