www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жылдыз Мусабекова социалдык баракчасы аркылуу Иштебей жатып алып эле "биздин акчага жыргап атасыңар" дей бергендерге билдирүү жазып чыкты.

Эл өкүлүнүн билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Бирѳѳлѳрдүн баскан–турганын, сүйлөп-күлгөнүн, дегеле турмуш-жашоосун аңдыгандан, сындагандан, кемчилик издегенден ырахат алган кишилер болот. Мындайлар–сасык кыкка жабыша берген көк чымындарга, же акыр–чикирди сүйгөн курттарга окшош. Алар дайыма жакшыдан да жаманды чукуп таап турушат".

" Чымындар эч качан аары болбойт. Алар баары бир көнгөн сасык кыгына батып жашоону жакшы көрүшөт".

" Жашоонун сыры кайда катылган? " китебинен.

P.S. "Этти кайдан алабыз, лимонду, имбирди кошуп сатып бер" деп жазган ээңгезердей жигиттерде ар намыс барбы?

...Эй, эйлер, биз баш көтөрбөй иштеп, намыстанбай пол да жууп, нянка да болуп, колунда барлардын терезе, үйлөрүн жууп, Ош базарда сатуучу да болуп, кул базарга да чыгып жүрүп ушу деңгээлге өз ак эмгегибиз менен жеткенбиз. Иштесеңер иш толтура! Ар кимдин жашоосун аңдыбагыла. Иштебей жатып алып эле "биздин акчага жыргап атасыңар" дей бергендер айла жок күлдүрөт да...”,-деп эл өкүлү жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости