www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Жылдыз айым, “Азаттык” партиясын тандооңузга эмне себеп болду?

– “Азаттык” партиясын тандашыма партиянын курамы, V-чакырылыштын Төрагасы Ахматбек Келдибеков, генерал, Исмаил Исаков баштаган команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Азаттык” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган.

- “Азаттык" партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу?

- Албетте, болот. “Азаттык” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору да жазылган. Негизинен, “Азаттык” партиясынын программасы популизмден алыс, реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот.

- Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз кандай иштер менен алек болосуз? Кайсы тармакты көтөрүүгө салым кошосуз?

-Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Эл аралык уюмдардар менен иштешип, Кыргызстанга инвестор алып келиш керек. Дегеле калктын аялуу катмарына кол кабыш кылам деген ниетим бар.

- Ар бир кесиптин ишенимдүү кадамы бул-профессионалдуулук эмеспи. Сандан сапатка өтүү мезгили келип жетти деп ойлойсузбу?

- Турмуштун агымы, талабы ушундай сандан сапатка өтүүнү шарттайт. Тилекке каршы, биз азыр сан жагынан дагы аксап баратабыз. Мамлекеттин өсүш жолу, ошол өлкөнүн билимдүү кесипкөйлөрү чоң роль ойнойт. Кадр маселесине келгенде адашпоо керек. Ар ким өз тармагында билимдүү жаштарды тартуу керек. Андай кадрлар жок эмес бар. Буга чейин сөздүн ачыгы тааныш-билиш жолу менен ишке орношуп келишкен. Мындай башаламандыкты акырындык менен жоюу зарыл. ЖКга да илимдүү-билимдүүлөр келсе деген үмүтүм бар.

- Ушул тапта өлкөбүзгө аба менен суудай нелер керек болуп турат?

- Мыйзамдуулуктун күчүнүн негизинде өлкөбүздө туруктуулуктун орношу, коррупциянын бара-бара жоюлушу, коңшу жана чет өлкө менен тең ата болуп иш алып баруу.

- Пандемия толкуну да элибизди моралдык эмес, материалдык жактан да кыйнап койду өңдөнөт...

- Бир гана биздин өлкөнүн экономикасы эмес, дүйнө кризисте. Бул абалдан кантип чыгуу керектиги туурасында мамлекетти эмес, ар бир жаранды ойго салып олтурат. Кыргыз жакшы ниетин, үмүтүн өчүргөн калк эмес. Кудай буюрса, бул күндөр да өтөр.

- Айтмакчы, катар келген кризистин кесепетинен өзгөрүүлөргө аргасыз болуп, улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп албайбызбы?

- Туура айтасыз. Дүйнөлүк кризис кайсы тармакта болбосун өзгөрүүгө, көз карашты жаңылантууга аргасыз кылууда. Ошондой болсо да улуттук баалуулуктарды сактап калууга басым жасашыбыз керек. Саясий атаандаштык идеялардын ортосунда гана болуп, өзүбүз менен өзүбүз тирешкенди токтотуп, өнүккөн өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, улуттук кызыкчылыгыбызды жогору коюшубуз кажет.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо күнү “Азаттык” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет. Биз Кыргызстанда гана бактылуубуз! «Азаттык» партиясына добуш бериңиздер!

Изготовитель: ОсОО “NazarNews.kg”. Адрес: г. Бишкек, ул.Турусбекова, 109/1
Заказчик: ПП «Демократическая партия «Азаттык». Тираж: 1 экз. Изготовлено: 15 ноября 2021 года. Оплачено из избирательного фонда Политической партии «Демократическая партия «Азаттык» уполномоченным представителем по финансовым вопросам Токтосуновой Гулирой Базаровной (регистрационное свидетельство №34 от 03.09.2021 года).

Последние новости