www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Жылдыз айым, “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандооңузга эмне себеп болду?

– “Мекеним Кыргызстан” партиясын тандашыма партиянын курамы, команданын күчтүүлүгү жана ар бир тармак боюнча жазылган партиянын программасы себеп болду. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Ошондой эле программада мамлекеттик аппаратты модернизациялоо: штаттык санды кыскартып, мамлекеттик органдардагы кайталанган функцияларды жоюу зарылчылыгы жазылган.

– “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы элдин жаркын жашоодо жашашына шарт түзөт деп ишеним артсак болобу?

– Албетте, болот. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын бардык аракети элдин турмушун жакшыртууга багытталган. Ошон үчүн сунуштар менен кошо абалдан чыгуунун жолдору да жазылган. Кыскасы, “Мекеним Кыргызстан” партиясынын программасы популизмден алыс, реалдуу долбоорлордун топтому десек да болот.

– Кудай буюруп, мандатка ээ болуп калсаңыз кандай иштер менен алек болосуз? Кайсы тармакты көтөрүүгө салым кошосуз?

– Эгер депутат болуп калсам, социалдык маселелерди чечүүнү колго алам. Дегеле калктын аялуу катмарына кол кабыш кылам деген ниетим бар.

– Баса, элдин эсин эки кылган пандемия жашоого болгон көз карашыбызды өзгөрттүбү?

– Пандемия жашоого болгон көз каршыбызды эле эмес, дүйнөнү өзгөрттү. Пандемияда айласын таппай турган элге кол сунган уюмдар, фонддор жүрөгүмдү жылытты. Маселен, Эл аралык уюмдар, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, Сауд падышачылыгы, “Ассанабил” эл аралык фонддун негиздөөчүсү Саид Баюми, “Исмаил Матраимов” атындагы коомдук кайрымдуулук фонддун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Искендер Матраимовдордун берген жардамы элдин алкышына татыды. Учурдан пайдаланып жогоруда айтылган уюмдардын, коомдук кайрымдуулук фонддордун жетекчилерине терең ыраазычылык билдирем.

Айтмакчы, Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы эки тараптуу чоң долбоор. Гуманитардык жана инвестициялык тармактар боюнча Сауд Арабиясы өтө маанилүү өнөктөш, Кыргызстандын тышкы саясатында өзгөчө орунду ээлейт деп баса белгилесек да ашыкча болбойт.

– Айтмакчы, катар келген кризистин кесепетинен өзгөрүүлөргө аргасыз болуп, улуттук баалуулуктарыбызды жоготуп албайбызбы?

– Туура айтасыз. Дүйнөлүк кризис кайсы тармакта болбосун өзгөрүүгө, көз карашты жаңылантууга аргасыз кылууда. Ошондой болсо да улуттук баалуулуктарды сактап калууга басым жасашыбыз керек. Саясий атаандаштык идеялардын ортосунда гана болуп, өзүбүз менен өзүбүз тирешкенди токтотуп, өнүккөн өлкөлөр менен тең ата сүйлөшүп, улуттук кызыкчылыгыбызды жогору коюшубуз кажет.

Урматтуу шайлоочулар! Шайлоо күнү “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Сиздин добуш, биздин жеңиш. Биз ийгиликке жетсек, мамлекетибиз да жеңишке жетишет.

Биз Кыргызстанда гана бактылуубуз!

Алга Мекеним Кыргызстан!

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келген №4 тизмеде.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости