www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-депутат Жылдыз Жолдошева Садыр Жапаровдун мыйзамсыз камалып жатканы боюнча Фейсбук баракчасынан өзүнүн оюн билдирди.

"15.02.2020 жылы, саат 10-00дө Садыр Жапаровдун мыйзамсыз, акыйкатсыз, адилетсиз камалып жатканы боюнча төгөрөк столго чакырылган элем. Тилекке каршы, ооруп калганыма байланыштуу бара албай калдым... Кайсы жерге барбайлы, "Садыр Жапаровду качан бийлик эркиндикке чыгарат"- деген суроону, карапайым эл берет. Садыр Жапаров ар бир, кыргызстандыктын жүрөгүнүн төрүнөн орун алды, азыр бир да саясатчы элдин жүрөгүндө, ушундай деңгээлде түнөк алган эмес. Эл суранып жатканда, бийлик төбөлдөрү, айрыкча Президент Сооронбай Шарипович, С. Жапаровдун тагдырына өзгөчө кылдат мамиле жасаса туура болмок. Эч бир инсан, Садырдын көргөн азабын көрбөсүн, акыйкатсыздыктын казанында Садыр кайнады, бир туугандары, тарапташтары, балдары ур-токмокко алынды. Өзүн чала союп, кескилешти, Атасынан ажырады, көп өтпөй Энесинен... түгөнгүс арман...баласынан... мындан өткөн азап болбойт. Садырды эч ким сындыра албайт... С. Жапаровтун маселесин Жогорку Сот кайра карап чыкпаса, боштондук берилбесе...аттиң, анда саясый чоң толкундар болоору калетсиз...Бийлик төбөлдөрү, али кеч эмес...эл мүдөөсүн аткарганга..."-дейт экс-депутат Жылдыз Жолдошева.

Булак: "NazarNews.kg"

 

 

 

Последние новости