www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Жылдыз Жолдошова менен ача пикир жаратып жаткан айрым жагдайлар боюнча ой бөлүштүк.

--Жылдыз эже, акыркы мезгилде коомчулукта депутаттарга болгон сын да абдан күчөдү. Ал турсун мындай абалда отура бербей өзүн өзү таркатууга барышы керек деген пикирлер да арбын боло баштады.

--Бизнесмен эч качан саясатчы боло албасын көрдүк. Себеби, бизнеси бар адам  депутат болсо, аткаруу бийлигине көз каранды болуп, зарыл маселеде да оюн ачык айталбай калат экен. Ошон үчүн шайлоодо партияга эмес, тизмедеги талапкерлерге маани берип, бизнесмендерге эмес, саясатчыларга басым коюшубуз зарыл.

--Карантинден кийин элдин жашоосу кандай нукта өзгөрүшү мүмкүн?

--Карантинден кийин элдин жашоосу оорлошот. Анткени, коронавирус дүйнө жүзүп каптап келаткан экономикалык кризисти ого бетер тереңдетип жиберди. Ошондуктан, элибиз бардык маселеге саресеп салып,  тамак-аш коопсуздугун да эске алып, бир метр жерди да бош калтырбай керектүү нерсени эккенге аракет кылышыбыз зарыл. Мурункудай жерлер иштетилбей калбашы керек. Анткени, жерди жер эне деп коёт. Жер эне болгондон кийин балдарын багат. Ошон үчүн жерибизди туура пайдаланып, тама-ашка зарыл деген нерсенин баарын эгип, азык-түлүгүбүздү камдап алышыбыз керек. Мындан ары ысырапкорчулукка жол бербей, сарамжалдуу болушубуз абзел. Себеби, акыркы мезгилде аш, той, өлүм житимде деле  ашыкча  ысырапкорчулукка жол берилип кеткен.

Түшүнгөн кишиге коронавирус адамдын жан дүйнөсүн, жашоого болгон көз карашын түп тамырынан өзгөрттү. Жашоо акча менен чектелбесин, кыска өмүрдө адам баласынын бири-бири менен баарлашуу керектигин, тазалыктын маанилүүлүгүн, ден соолукка кам  көрүү зарылчылыгын, туура тамактанууну, каражатты туура пайдаланууга үйрөттү.

--Айтканыңызга ынаналы, өкмөттүн антикризистик программасы абалды жөнгө салып кетет деп ишенсек болобу?

--Өкмөт канчалык антикризистик программа түзбөсүн, мамлекетти оор абалдан чыгарып кете албайт. Ошон үчүн сырткы булактардан келген көптөгөн уюмдардан чогулган каражаттарды өкмөт туура пайдаланса жакшы болот эле. Аны республикалык бюджетке кошуп алып, элге отчёт бербей койбой. Өкмөт демөөрчүлүктөн жыйналган каражаттарга аз камсыз болгон үй бүлөлөргө көп кабаттуу эки бөлмөлүү бардык шарты бар үй курса, алардын жакырчылыктын сазынан чыгышына көмөк көрсөтсө болмок. Ошол каражаттын эсебинен врачтарды, мугалимдерди да үйлүү кылса жакшы болоор эле.

--Өкмөттү абалдан чыгара турган тармак барбы?

--Бар ал үчүн өкмөт болгон күчүн контробанданы токтотууга жумшашы керек. Анткени, финполдун айрым кызматкерлери коррупциялык схема менен контробандалык жол менен товар ташыгандардын көпчүлүгүн коргоого алат экен. Ошонун айынан бюджет толбой жатат. Эгерде биз ошол тармакты жөнгө сала алсак, жарым жартылай болсо да кризистен чыксак болот. Өкмөт программа түзсөк эле баары ойдогудай болот дебей болушунча изденип, бюджетке кедергисин тийгизип жаткан коррупциялык схемаларды токтотуп, болгон күчүн экономиканы калыбына келтирүүгө жумшаса жакшы болчудай. Мүмкүнчүлүк болсо чакан ишканаларды ачып, элди жумуш менен камсыздап, мамлекет өзүбүздөн чыккан продукциялардан пайда көрө турган кылышыбыз керек. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү да токтотпой жандандырып, коррупционерлерди камай эле бербей, кустуруп материалдык жактан кысымга алса болмок. 

--Өкмөт башчынын шалаакылыгынан коронавирус жайылып кеттиби же кырдаал өзү ошондой оор абалга кептеп койдубу?

--Өкмөт, Саламаттыкты сактоо министри коронавирус менен күрөшүүдө чыны менен шалаакылык кылды. Бул эпидемия башталганда эле чара көрүш керек болчу. Анткени, Кытай бизге кошуна болгондон кийин эртеби-кечпи ал илдет бизге да келмек. Учурунда чара көрөлү дегендердин сунушун да эске алышпагандын айынан алапайыбызды таппаган абалга кептелдик.

Ошондой эле умрадан келгендерден коронавирус табылар замат 2 айга карантин жарыялаш керек болчу. Карантиндин талаптарын катуу сактабаганыбыздан илдетке кабылгандардын саны өсүп жатат. Короновирус пикке чыккан мезгилде элди эшикке чыгарып алдык. Эми ооруга чалдыккандар эле эмес, андан каза тапкандар боло баштады. 19-марттан 19-майга чейин карантин  болот деп, анын эрежелерин сактоону катуу талап кылганда  эпидемиянын жайылышын алдын алат элек.

--Өкмөт казактардан көчүрүп алды деген токтом кимдин катачылыгынан болду?

--Казак республикасынын токтомун көчүрүп алышканы өкмөттү чыны менен ыңгайсыз абалга кептеди. Бул токтомду Кыргыз республикасынын өкмөтүндөгү кайсы бөлүм даярдаса дагы ал кызматта тажрыйбасы жок, билими тайкы кызматкерлер отураарын далилдеп койду. Ошон үчүн биз партиялык система менен же болбосо кыргызчылык менен тааныш-тамырларыбызды кызматка албашыбыз керек. Мурда министр болгон киши кийин бөлүм башчы болуп, кыргыз республикасынын өкмөтүнө ишке кирчү. Кадрларга талап катуу болгон үчүн мындай катачылыктарга жол берилчү эмес. Азыр болсо кадрлар түрдүү  критерийде кызматка алынып, акылга сыйбаган  жагдайларга туш болуп жатабыз. Эми өкмөт башчы булокуядан кийин өз аппаратын кайрадан карап чыгышы керек.

--Баса, 2000 сомго тест тапшырыш керек. Болбосо блок посттон өтпөйсүң деген саясат туурабы?

--2000 сом төлөйсүң анан посттон өтөсүң деген чыны менен туура эмес. Башка  өлкөлөрдө колунда жокторго жан башына акчалай жардам берилди. Бизде болсо өкмөт тамак-аш жактан колдоо көрсөттү. Бирок, көп учурда  ун, макарон, суу май гана берилди. Ал эле эмес, муктаж делген үй бүлөлөргө  жардам берилип жатканда үй бүлө мүчөлөрүнүн саны эске алынган жок. Бир пакет азык түлүк же бир мүшөк ундан гана берип койгон учурлар арбын болду. Ушундан көрө жан башына акча бергенде калыстык болмок беле деп ойлойм. Себеби, адам баласы бир эле ун, макарон, суумай эле жебейт да. Эт, мөмө жемиш, таттуу жегиси келет. Ошон үчүн жардамдар натуралай эмес, акчалай берилгенде нааразычылык болмок эмес деген ойдомун.

Элдин башка түйшүгү аз келгенсип, эми 2000 сомго тест тапшыр, болбосо блок посттон өтпөйсүң деген маселе айтыла баштады. Чынында бул жагдай социалдык абалды ого бетер чыңалтып, нааразычылыкты күчөтөт. Тамак-ашын араң таап жеп жаткан эл кайсы акчасына тест тапшырат. Мисалы, бир үйдө 5 же 7 киши болсо, 10 же 14 миң сомду кайдан табат. Ошол эле учурда соо адам неге тест тапшырат деген маселе жаралат. Айтайын дегеним, чет өлкөдөн келсе же симптомдору байкалса, адам өзүн жаман сезсе аныгын билүү үчүн тест тапшырса болот. Ошондо да тесттин каражатын жөнөкөй жаран эмес, өкмөт төлөшү керек.

Өкмөт 2000 сомдон төлөп тест тапшыр деп бир чоңдун лабораториясына пайда түшүрөөрдөн мурун элдин абалын эске алышы керек. Болбосо абал мындан да оорлошуп кетип, айлаларын таппай калышы мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости