www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Садыр Жапаров Ош окуясынын күнөөкөрлөрүн аёосуз жазалайм" деп ант берген", - дейт белгилүү саясатчы Жылдыз Жолдошова.
--"Садыр Жапаров ант берген эле...Ош окуясынын күнөөкөрлөрүн аёосуз жазалайм деп. Кылмыш ишин ачтырып, КРнын Башкы Прокуратурасына жана УКМКке катуу тапшырма берген.
Баарыбыз ошондо өтө ишенип, Жапаровту чын дилибизден колдогонбуз.
Анткени миңдеген жарандарыбыз шейит кетип, кээбири өмүр бою майып болуп калышты.
20 дан ашык жарандарыбыз бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз...ДНКсы аныкталбаган мекендештерибиз бар, ата-энеси бүгүнкү күнгө чейин боздоп келишет.
Садыр иним, эмнеге ант бердиң? Эгерде Ош окуясынын аягына чыкпасаң?
Кадыржан Батыровтун, башка сепаратисттердин, элдин айтуусу боюнча Убакытлуу Өкмөттүн айрым мүчөлөрү күнөөкөр экени далилденген.
Өзүң да, Садыр иним "Супер ТВ" каналынан күнөөкөрлөрдүн бири деген Текебаевди, эми кайсы абийириң менен Германияга элчи кылып жөнөтүп жатасың?
Бул деген Ош шейиттеринин арбактарын "шылдыңдоо" деген болот? Арбактардан коркпосоң, жараткандан корк.
Ушунчалыкка барат экенсиң, анда Роза Отунбаевага Президенттик тактыңы бошотуп берип кой.
Убактылуу Өкмөттүн, Ош окуясы боюнча күнөөлүлөрдүн күнөөсүн мойнуңа албай", - дейт саясатчы.
Булак: NazarNews.kg