www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров түрмөдө олтурган жылдары, жок дегенде аптасына 3-4 жолу мага телефон чалат эле. Бул тууралуу Жылдыз Жолдошова өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
Жылдыз Жолдошованын билдирүүсүн толугу менен өзгөртүүсүз беребиз.
Тарых үчүн жазып коёюн...
4-октябрь 2020-жылы өткөн Парламенттик шайлоо жөнүндө. Садыр Жапаров түрмөдө олтурган жылдары, жок дегенде аптасына 3-4 жолу мага телефон чалат эле. Көп нерселерди сүйлөшөт элек...
Бир күнү, телефон чалып: "Жылдыз эже, Парламенттик шайлоого барабыз"- деп калды, Мекенчил партиясы менен. Камчыбек Ташиев, сиз, Равшан Сабиров, Курманкул Зулушев болуп деди. Менде тыйын жок, коронавирустан араң калдык десем, баарыбир барабыз.
Камчы, Сизге телефон чалат деди. Р.Сабиров, К.Ташиев, мен жолуктук, штабта. Өткөн, кеткен таарынычтарды башка эстебейли деп... андан соң, шайлоого аттандык. Көргөн кыйынчылыктарды айтпай эле коёюн. Негизги күч К.Ташиевте болду, бүт республиканы кыдырып.
Ал эми биз, Р.Сабиров экөөбүз Баткенден баштап, Джалал-Абадка дейри, ар бир айыл өкмөттө шайлоочулар менен жыйын өткөрүп жаттык. Сүйлөгөн сөзүбүз, тилегибиз Мекенчил партиясы Парламентке келсе, мамлекет, эл үчүн иштеп...
Садыр Жапаровту мыйзамдын негизинде эркиндикке чыгарсак. Мекенчил партиясында аябай сонун, таза инсандар, жөнөкөй үй-бүлөдөн, бирок жогорку билимдүү жаштар көп эле... Айтайын дегеним, 4-октябрь 2020-жылы Мекенчил партиясын кантип өткөрбөй койсо БШКа... 28-ноябрь 2021-жылы "Азаттык", "Ата-Мекен", "СДПК", "Улуттар биримдиги" партияларын, андан да жаман "ыкма" менен БШКа өткөрбөй койду.
5-октябрь 2020-жылы, кечинде Камчыбек Ташиев биздин үйдө чай ичкенче, БШКнын төр айымы Шайлдабековага өтө "ачууланып", "ызаланып " олтурса, түрмөдөн Садыр звонить этип жатты "акыйкатсыздыкты" көтөрө албай... Колунан "токочун" уурдаткан баладай болуп, биз томсоруп олтурат элек. Анан, бир мезгилде бирөө звонить этти, Ак үйдү алып коюшту... "Атамбаевти чыгарабыз"-деп, бир топ адамдар 47-колонияга кетишти деди.
Анда, Камчыбек экөөбүз жарыша сүйлөп "Садырга жөнөгүлө" - десем, биз кеттик эже деп Камчыбек учуп жөнөгөн. ( Кээ бирөөлөр жазып жатпайбы,Чоң-Арыкта үйүндө жаткан жерден, Камчыбекти алып кеткенбиз деп, андай эмес.) Менин баралбаганымын себеби, ошондо жолдошум өтө катуу ооруп жаткан, кийинчерээк ноябрь айында Анкарада операция жасадык.
Адилетсиздикти, акыйкатсыздыкты, мыйзамсыздыкты башынан өткөргөн, 2 дос эмне үчүн 28-ноябрь 2021-жылы Парламенттик шайлоодо 2020-жылкы кечирилгис, "төңкөрүшкө" алып келген өтө ыплас ыкманы БШКга кайра кайтоолоого жол беришти? Н.Шайлдабекованы эмнеге С.Жапаров "өтө жакшы" көрүп калды? Көрсө, Н.Шайлдабекова укмуш "ыкмаларды" билет тура.
Кантип бийликтин партияларын Парламентке алып келүүнүн жолдорун. А биз 2 дос, акыйкатсыздыктын казанында кайнады, былтыр эле өздөрүнүн башынан өткөрдү, шайлоонун ыплас оюндарын деп, аларга ишенип биз эле эмес, 21 партия шайлоого аттанып алыпбыз. Көрсө бийликке келгендердин көздөрүн "май" басып калат тура. Эчтекени көрбөй, тоготпой.
Бирок, мурункудан сабак албаган бийлик төбөлдөрүнүн кийинки тагдырларын көрдүккө го... Садыр, Камчыбек инилерим, эмнеге БШКга шайлоону "ыплас" өткөрүүгө жол бердиңер? Эмне кереги бар эле, өзүңөргө тиешелүү партияларды Парламентке алып келүүгө? Ишенич, үмүт жарым жартылай сынды... айрыкча мен, Силерге ишендим эле. Мыйзамдуулукту, акыйкатты, адилеттүүлүктү, теңдикти камсыз кыласыңар деп... Аттиң стабилдүүлүккө доо кетти... калганы эми жараткандын колунда. Аман болгула инилерим...
Булак: NazarNews.kg