www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ИИМ Ички аскерлеринин финансы кызматынын жетекчиси 34 миллион сомдун уурдалышы боюнча иштин алкагында кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Буга чейин прокурордук текшерүү Ички аскерлер түзүмүндө 33 миллион 946 миң сом жалган фирмалардын эсебине которулуп кеткенин аныктаган. Каражат азык-түлүккө жана жеке курамдын кийим-кечесине багытталган болчу.

"Шектүү 15-декабрда каражатты уурдоо боюнча кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ал учурда Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайында", — деди прокуратурадан.

Бул факты боюнча кылмыш иши беш берене боюнча козголду:

337 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу");

209 ("Алдамчылык");

210 ("Ишенип берилген ири өлчөмдөгү каражатты ээлеп алуу же коротуу");

346 ("Кызматтык жасалмалык");

348 ("Шалаакылык").

Белгилей кетсек, Ички аскерлердин финансы кызматын Талант Жоробеков жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости