www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

- Уланмырза, Юлия Дамскердин “Күүгүм” жана Айвон Менчеллдин “Өмүр күзү” пьесаларын сахналаштырганыңызды көргөндө, негедир кесип сизди тандагандай сезиле берет...

- Билбейм, балким. Кээде кесип мени тандады деген ойлор келет. Бишкектеги №4 гимназиясында окуп, үйдөгүлөрдүн каалоосу менен өзүмдү дипломат кесибине даярдап жүргөм. Окуп жүргөнүмдө англис, немец тилдеринде эркин сүйлөчүмүн.

Мектепте маданий иш чараларда активдүү катышым калчумун. 9-класста кыргыз тилинен сабак берген Нарынбек Өскөналиев агайым “Курманбек” драмасындагы Курманбектин атасы Тейитбектин ролун бөлүштүруп берди. СССРдин эл артисти, актёр Муратбек Рыскуловдун жана СССРдин эл артисти, опера ырчысы Хусейин Муктаровдун аткаргандарын теледен көрдүм, баскан-тургандарын иликтедим.

Тейитбектин ролун издегенден соң гана, мектеп сахнасында  аткарып чыккам. Таятам менен таенем искусстводон алыс болсо дагы, искусствону мыкты түшүнгөн интелигент үй-бүлөлөрдөн. Менин театрга болгон ынтызарлыгымды эң биринчилерден болуп, КРнын эл артисти Жамал Сейдакматова ойготкон. Эже жетектеген “Туңгуч” театрын алтын бешигим катары көрөмүн.

Ролдорду аткарып Кытайга чейин барып келгенбиз. Бир жолу Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын босогосун аттап, залга кирсем, “Курманжан датка” спектаклин даярдап жатышыптыр. Сахнада жалаӊ залкарлар. Көрүп отуруп уктап калыпмын.

Бир убакта: “Тур, балам, сен ооруп калдыңбы?” деп бирөө ойготот, көрсө КРнын эл артисти, ошол кездеги театрдын директору Марат Алышбаев агай экен. Анан агай мага спектаклдерди бекер көрүүгө уруксат берди. Ошол күндөн тарта, театрга байма-бай каттап калдым. 

- Ошентип, театр окуу жайына тапшырып калдыңызбы?

- Жок, мектепти аяктаган соӊ Москвадагы Эл аралык дипломатиялык институтка бюджетке окууга өткөм. Бирок, үйдөгүлөрдү алдап, таенемдин пенсиясын алып Орусияга театр окуу жайына тапшырганы жашыруун учуп кеткем. Кудай жалгап, Санкт-Петербургдагы Орусия мамлекеттик сахна өнөрү институтунун, режиссура факультетитдеги, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын ээси, профессор Геннадий Рафаилович Тростянецкийдин өнөрканасына кабыл алындым.

Биринчи сентябрда устатым: “ Мен өзүмө студенттерди эмес, атаандаштарды кабыл алдым. Силерди сүйүү менен тарбиялайм, жалгыз кызым эле бар, уулум жок, о дүйнөгө узасам көмөт деп тарбиялайм! Бир чындыкты билип койгула режиссёрлордун арасында чыныгы достук жок, тек гана атаандаштык бар” - деди. Тагдыр бурулуш жолумда, мыкты устатка туш болгонума Кудайга шүгүрчүлүк келтиремин.

Геннадий Рафаилович менин устатым болду. Азыр биздин курс дипломдук иштерге даярданып, уядан учканы жатабыз.  

- “Бысмылда” дегенде эле заманыбыздын залкарлары менен иштеше баштадыңыз...

- Туура айтасыз. Бул дагы тагдырдын белегидир. Легендарлуу курс аталган, корифейлердин жолун улаган, кантсе дагы “алтын доордун” илебине жылынган КРнын эл артисттери менен биргеликте иштеш мен үчүн чоң сыймык болду. Азыр театр атын алып жүргөн чыгаан драматургубуз Токтоболот Абдумомунов 1972-жылы Москвадагы ГИТИСти аяктаган курска: “Жалаң мыктылар топтолгон силердей күчтүү курс жүз жылда бир жаралат” деп баасын берген экен.

Менин тун спектаклимде КР эл артисттери: Гүлайым Каниметова, Турганбүбү Бообекова, ыраматылык  Дүйшөнбек Байдөбөтов, Тилек Джумагазиевдер роль жаратышкан. Аларга башымды ийип таазим этем, себеби 20 жаштагы балага ишенип, чын дилинден колдоп, коргоп, биригишип тунгуч спектаклим “Күүгүмдү” жараттык. Бул спектакль унутулуп бара жаткан улуу таланттарга арналат.

Алардын ичинде Гүлайым Каниметовага. Айтматовдун чыгармаларын көбүн эсесинде эже роль жаратты. Татьяна Тихоновец деген москвалык театр сынчысы Гүлайым эжеге мындай баа берген: “Есть понятие Айтматовская героиня, это понятие Гүлайым Каниметова”. Эже көптөгөн мамлекеттерде өткөн театралдык  фестивалдарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп, жападан жалгыз, керт башы менен Кыргызстандын атын даӊазалап келе жатат.

Эженин мага болгон камкордугу, колдоосу шык берип турат. Экинчи спектаклим  А.Менчеллдин “Өмүр күзү” драмасы КР эл артисти Жамила Сыдыкбаева жана актриса Айсалкын Осмоновага арналат.

Бул спектаклде эжелерден сырткары дагы КР эл артистери: Т.Абдразаева, Ш.Алсейитова, КРнын эмгек сиңирген артисти Т. Джумагазиев, жаш артисттер Б.Шаршенбаев, А.Качкынбаев, Ө.Израиловдор ойношот. Синтезделген спектакль болду. 

- Сизди улуу муун менен гана иштешет деп айтышат, жаштар менен иштешкен учурлар болдубу?

- Ооба, туз буйруп корифейлер менен иштешип келе жатканым бул кудайдын мага болгон белеги. Бирок, ошол сыӊарындай эле теӊтуштарым, замандаштарым менен да иштешип келе жатам. Мисалы, Санкт-Петербургда биздин институттун театрынын сахнасында М.Каримдин “Ай тутулган түндө” трагедиясын окуу жайдын студенттери жана Тангабийкени Орусиянын эл артисти Н.Дмитриева менен биргелешип койдук.  

Азыр А.Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын таланттуу жаштары: Ч.Замирбеков жана Ы.Жумаев менен А.Пушкиндин “Моцарт жана Сальери” пьесасынын  үстүндө иштеп жатабыз. Белоруссияда Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” чыгармасынын негизинде “Алиман” деген ат менен спектакль коюп келдик. 

- Кыргыз театры өнүгүүнүн жолундабы?

- Акырындап алдыга умтулуп жатабыз. Азыркы күндө кыргыз театрынын өсүп-өнүгүүсүнө күчтүү режиссёрлор, драматургдар жетишпейт. Кыргыз эли аябай театралдуу калк келебиз, ошондуктан  бизде таланттуу актёрлор көп.  

Кыргыз актерлору жүрөгү менен иштешет. Бизге күчтүү театралдык мениджмент керек. Бир гана Кыргызстанда эмес, дүйнөнүн бардык тармактарында салттуу театр жана заманбап стратегияны алып жүргөн театрлар дагы кездешет.

Экөөндө тең профессионал талант жана чала сабат таланттар бар. Бара-бара кыргыз театры дүйнөлүк аренага чыгышын каалар элем! Театр эч качан өлбөйт! Ал тирүү!

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости