www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында эле Бишкек административдик соту Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечимин жараксыз деп тапты.

БШКнын мурунку мүчөсү Жылдызкан Жолдошева журналисттерге бул туурасында өзүнүн пикирин билдирди.

“Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү катары жооп берем. Өмүрбек Текебаев өзүн Конституциянын “атасымын” деп эсептейт. Акыркы жылдары биз жашап жаткан негизги мыйзамдарды ал жазган.

Ал өзү мыйзамда бир жолу депутаттык мандаттан өткөн адам аны токтоосуз ала албай тургандыгын айткан. БШК мыйзамды бузуп, сот мыйзамдуулукту калыбына келтирип, Текебаевди мандатынан ажыраткан. Бул туура, мыйзамдуу чечим деп эсептейм”, – деди Жолдошева.

Бул арада Өмүрбек Текебаев өзү соттун чечимин саясий буйрук деп атаган.

Эске салсак, Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн Бишкек административдик сотко кайрылган. Административдик сот БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости