www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Азияньюс” гезитинин өткөн санында Жамгырчы Таштанбеков аттуу жигит сүрөтүн, дарегин, телефонун жазбай, “Тоң районунан болом” деп Арсланбек Малиев жөнүндө адилетсиз ой-пикирлерин жазыптыр.
Биринчиден, Ж.Таштанбеков деген жаран барбы? Албетте жок, бул кимдир бирөө бирөөнүн “заказын” аткарганы байкалып калды. Андыктан, мен айтат элем, А.Малиев эмес, ошол “заказчик” мажирөө экен, Таштанбековдун артына бекинип алып, жигиттерге таандык эмес мамилесин көрсөткөн. “Ушинтип жазып койсом, Малиевди коомчулукка жаман көрсөтөм” деген оюңар болсо, жаңылышасыңар. Себеби, коомчулук Арсланбек Малиев ким экенин жакшы билет. Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, чет элдик өлкөлөр арасындагы достук коомунун төрагасы, күчтүү бизнесмендердин бири, канчалаган жардамга муктаж адамдарга жардамын аябаган, намыскөй, эч бир коррупцияга аралашпаган, таза саясатчы, адамгерчилиги бийик, беш баланын атасы, кыргыз элинин мыкты уулу экенин эл билет.
Ал эми “Курманжан Датка” атындагы коомдук кайрымдуулук фонд менен “Аалам” саясый партиясы 2015-жылы саясый тандемге барып, биргелешип мамлекетибиз, элибиз үчүн кызмат кылып келе жатканыбызга бүтүндөй калк күбө. Өмүрбек Текебаев “Аалам” партиясынан 60 миң доллар алганы жөнүндө тастыкталган документтер жана күбөлөр бар, чындык чычалатат. Жамгырчыга айтайын дегеним, биз Тоң районуна барганыбызда, райондун тургундары А.Малиевдин депутат катары районго жасаган иштерин айтып бүтүрө алышпады. Жолугушуулардагы мындай жылуу маанайга мен өзүм күбө болдум. Жамгырчы, гезитке жазаардын алдында ошол өзүңүз жашаган райондун тургундарынан Малиев жөнүндө бир ооз сурап койбопсуз. А.Малиевдин жасаган эмгектерин, албетте, сиз бирөөсүн да жасай электигиңиз ачык-айкын көрүнүп турат. Балким биздин саясый тандемибизге бирөө “чок” салгысы келгендир... Убара болбогула, майнап чыкпайт, себеби Арсланбек Малиев да, Жылдызкан Жолдошова да бир гана эл үчүн кызмат кылышат. Өз кызыкчылыгын ойлобой, элге кызмат кылган жерде ынтымак бар экенин унутпагыла.
Сиздерди урматтоо менен Жылдызкан ЖОЛДОШОВА
Булак: Азия Ньюс