www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Барган сайын камакта жаткан эл өкүлү Канатбек Исаевге карата айыптоолордун аргасыздан жасалма жагдайдан улам токулганы далилденеби? Дегеле кыргыздын белдүү жигитин кордоп, камакта кармабай, үй шартынан деле сурак жүргүзсө болот беле? Саясый кутумчулуктун айынан кыргыздын бычакка сап жигиттерин качанкыга дейре камакта кармап, кыйнай беребиз? Буга чейинки бийликке көз карашын ачык айтып, адилеттүүлүктү тутунушуп, акыры саясый жагдайлардан улам түрмөгө түшкөн саясатчылардын ишин жаңы бийлик жаңыча жагдайлар менен каратып көрсө болот беле? Биз бул боюнча коомчулукка төбөсү көрүнгөн аттуу-баштуу инсандардын пикирлерине кызыгып көрдүк. Кызыгы, биз менен байланышкан атактуу инсандар да эл уулу Канатбек Исаевге карата бир кылка колдогон пикирлерин жаадырышканы эмнени туюндурат?
Жылдызкан Жолдошова: "Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясын түптөп, партиялаштарын парламентке алып келди"
- Өлкөбүз эки төңкөрүштөн кийин саясый, экономикалык жана социалдык кыйынчылыкка туш келбестен, өкүнүчтүусү «өч алуу айлампасына» кабылганы, албетте, баарыбызды ойлондуруу менен чектелбестен, кантип ушул абалдан чыгуу жолун издешибиз керек.
«Өч алуу айлампасынан» керек болсо улуу державалар Америка, Россия өз мезгилинде мындай жагдайга жол беришкен эмес. А бизде эмне болду? Саясый заказ менен көптөгөн, болгондо да күчтүү саясатчылар, бычакка сал кыргыздын жигиттери, элине, мамлекетке кызмат кыла турган эр азаматтар камактан орун алышты. Ошолордун бири Канатбек Исаев.
Төңкөрүш жасаш үчүн атаЙын уюм түзүлөт, радикалдуу күчтөр биригет. Азыркы бийликтегилер «төңкөруш» кандай жасалат жакшы билишет.
Себеби, алар радикалдуу оппозиция болушкан. Эгер биздин республикабызда дагы бир төңкөрүш болсо, ошолор гана жасайт. Анткени, алар биринчиден, жазаланбай калышты, экинчиден, аларда чоң тажрыйба бар.
Ошондуктан, «Канатбек Исаев төңкөрүш жасоого аракеттенген» деген сөздөргө ишенүүгө болбойт. Эл уулу Канатбек өтө жөнөкөй, адамгерчилиги бийик "өлкөбүз өссө экен" деген кыргыздын мыкты уулу. Мени өкүндүргөн дагы бир маселе бар.
Ал маселе Канатбек Исаев «Кыргызстан» партиясын түптөп, партиялаштарын парламентке алып келди. Аттиң, ошолордун бирөөсү да үн катып койгон жок, Исаевдин башына оор күндөр түшкөндө...
Деги эле азыркы эл шайлаган президентибиз СооронбаЙ Жээнбеков абакта жаткан ар бир саясатчыга ачылган кылмыш иштерди, Садыр Жапаровдон баштап, Канат Исаевге дейре кайра карап чыгуу боюнча жеке тапшырма берип, акыйкатты орното алса, ошондо гана «өч алуу айлампасынан» чыга алабыз.
Президент бир эле саясатчылардын эмес, карапайым жарандарыбыздын, жалган жалаа менен экстр-мист, террорист ж.б. айыптоолор менен жаткандардын тагдырына да жеке көңүл бурууга убакыт келди. Бир сөз менен айтканда, абакта жаткан жарандарыбыздын иштери боюнча ревизия жүрүш керек да.
Булак: АЗИЯnews