www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-сентябрь күнү Кыргызстандын Баткен облусунун Баткен району менен Тажикстандын Согди облусунун Исфара районунун чек арасында аткезчилик токтотулду. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик ветеринардык фитосанитардык инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10-сентябрда рейд учурунда КР Мамлекеттик бажы кызматынын Баткен облустук башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Баткен облустук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча бөлүмүнүн инспекторлору Кара-Бак айылында чек арадан мыйзамсыз өтүп бара жаткан эки жылкыны кармашты.
Кармалгандар Кадамжай районунун Охна айылынын тургундары болушкан. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аларга үчүнчү категориядагы 5500 сом өлчөмүндө айып пул салынып, андан кийин Кадамжай районуна жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg