www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Энергетиктер жылуулук берүүнү 22-март күнү токтотуу сунушун шаар мэриясына киргизгенин Улуттук энергохолдингден билдиришти.

Маалыматка ылайык, сунуш 19-март күнү ТЭЦте Улуттук энергохолдинг, "Бишкек жылуулук түйүнү" ишканасы, мэрия жана Кыргызгидрометтин өкүлдөрү катышкан көчмө жыйында жөнөтүлгөн.

"Эгер мэрия Нооруздан кийин жылуулукту өчүрүү чечимин кабыл алса, ал ишке ашат. Биз буйрук күтүп жатабыз", — дешти холдингден.

Негизи  жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт. Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмүнүн башчысы Махбуба Касымова жакынкы беш күн аралыгында күндүн табы жогору болорун маалымдады. Жылуулук берүү аба температурасы катары менен беш күн бою 8 градустан жогору болгондо токтотулат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости