www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыпаркуль Сыдыкова, «Алиана» ЖЧКсынын башкы директору:
Өлкөбүздө жумушсуздук күч алып жаткан учурда бир кишиге жумуш берүү бул өлкөгө кошкон чоң салым болуп эсептелинет. Ушундай убакта эл журттун маселесин чечип, бир нече адамга иш берип, айлык менен камсыздагандар аз. Бирок жок дагы эмес. Алардын бири “Алиана” фирмасынын башчысы Жыпаркуль айым дагы бар. Жыпаркуль айым бир гана фирманын иштери менен алек болбостон ар кандай кайрымдуулук иштерин дагы жасайт. Балдарын ар дайым боорукердикке, кайрымдуулукка үндөгөн айым менен кенен маекти сунуштайбыз. Балким келечекте ишкердик менен алек болом, балдарымды коомго пайдалуу инсан кылып тарбиялайм десеңиз эже менен болгон маекти окуўуз.
--Жыпаркуль айым, өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз, кайсыл жердин кызысыз?
--Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлүп өскөм. Бала кезде атамдан эрте ажырап көп түйшүктү тартып калгандыктан соода тармагында иштеп апама жардам бергим келчү. Мектепти бүтүп шаарга келип соода өнөр жай техникумунда билим алып, тагыраагы СССР тарап кеткенче магазиндерде сатуучу болуп иштедим. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин өз алдымча ишкердик баштап, Россия, Турция, Казакстан, Кытай өлкөлөрү менен кызматташып, эмерекке керектүү материалдарды алып келип камсыз кыла баштадым. Азыркы күндө карамагыбызда бир нече адам иштеп, нанын таап жеп жатышат. Менин бул ийгилигиме балдарымдын салымы чоң.
--“Алиана” деген ысымды фирмага неге ыйгаргансыз?
--Уулумдун улуу кызынын аты Алия. Кызымдын кызынын аты Аяна. Баардык эле чоң эне, таэне сыяктуу мен да неберелеримди аябай жакшы көрүп, эзилип кетем. Сүйүүм аябай күчтүү, ата-энесинен биринчи сагынып жакшы көрөм. Ошондуктан эки улуу кыз неберелеримдин урматына баш тамгаларынын атынан “Алиана” деп ыйгарганмын. Буйруса неберелерим чоңоюп, бойго жетсе ушул ишибизди улантып эли журтуна кызмат кылган бактылуу кыздар болушаар деген энелик тилегим бар.
--Канча балаңыз бар?
--Бир уул, эки кызым бар. Улуусу уулум Элтерес, учурда мамлекеттик кызматкер. Түгөлбай Сыдыкбековдун “Көк Асаба” чыгармасындагы Энесай кыргыздарынын башчысындай элдин камын көргөн уул болсун деп ыйгарганбыз. Үч баланын атасы. Кийинки кызым Элнура, жолдошу Байсал менен менин жолумду жолдоп учурда өздөрүнчө жеке ишкерликти аркалашкан. Кичүү кызым Индира дагы мени менен жүрөт. Учурда кайрымдуулук фондду жетектеп, иш алып барат. Жогорку кызматтарга аралашып аялдардын коомдогу көйгөйлөрүн көтөргөн, чече алган адам болсо экен дейм. Өзүнүн да тилеги ушундай. Бала энеден үлгү алат деген чын экен. Мен өзүм кыйынчылыкта чоңойгондуктан уул-кыздарыма дайыма “дароо эле ушул күнгө жеткен жокпуз, артыбыздагы бир бөлмөлүү батирде жашаган күндөрдү унутпагыла” деп айтып келем.
--Эне катары балдарыңыздан өзгөчө кичүү кызыңыз Индирадан көп нерсени үмүт кылат экенсиз..?
--Ден соолуктары чың, бала чакасы менен аман-эсен болсо ошол мага чоң бакыт. Үчөөнү тең жогорку билимдүү кылганмын. Колумдан келишинче коомго керектүү балдардан болушсун деп боорукер болууга тарбияладым. Кудайым оң жолун берсе Индирам эл журтка төбөсү көрүнгөн, жакшы иштери менен таанылган, саясаттын мыкты инсаны болсун дейм. Эне катары кичүү кызымдан көп үмүтүм, тилегим бар. Кайрымдуулук фондубуз жок эле элге жардам берчүбүз. Жардамга муктаждар аябай көбөйүп кеткендиктен кызым фонд ачалы деп сунуштап макулдук бердим. Мен сыртынан көзөмөлдөп койгонум болбосо баардык ишти өзү жүргүзөт.
--Фонд кандай кайрымдуулук иштерди жасайт?
--Учурда балдардын оорусу көбөйүп кетпедиби. “Операция жасатат элек” деп каражатка муктаж болуп кайрылгандарга эч качан жок дей албайм. Кудай баланы оорутпасын, азабы жаман эле. Балдардын муктаждыгын карап туруп жок дей албайм. Бирок элдин алдында баланча бердим деп да айткым келбейт. Себеби Кудай бизге берип жаткан соң биз дагы муктаждарга кайрымдуулук кылууга милдеттүүбүз. Жакында эле Нарындын бир айылына бала бакча ачып жаттык эле, ошол жерден жардам бере аласыздарбы деп кайрылышыптыр. Биз жардам ирээтинде баардык эмеректерин бекер жасап алып барып бердик. Абдан кубанып калышты. Жардамга муктаждардын кубанычын көрүү мен үчүн чоң бакыт. Кудайга ыраазымын, ушинтип аз болсо да эмгек кылып элге пайдам тийип жатат, балдарым аман, ишим жүрүшүп жатат. Көп түйшүктү, азапты тарттым, ошолордун баардыгы турмушума сабак болуп ийгиликтерге жеттим. Буйруса дагы көп ийгиликтерди багындырабыз. Балдарым аман болсо алдыда дагы элге пайда келтирүүчү көп пландарым бар.
--Кол астыңызда көбүнчө эркектер иштейт экен. Башкаруу кыйын болсо керек?
--Мен кызматкерлериме эч качан жетекчи болбойм. Алар менен дайыма бирдей мамиледемин. Мисалы эркек балдарга “кыздарга этият мамиле кылгыла, алар деген назик болот” деп айтсам кыздарга “эркек балдар бир аз корс болот, ыйлап калбай акырын мамиле кылгыла” дейм. Кыскасы бир үй-бүлөнүн балдарындай кармайм. Жумушчуларым дагы абдан жакшы. Мен саат алтыдан тогузга чейин иштешим керек, жумуш убактым бүттү дешпейт. Кандайдыр бир башка жумуштарыбыз чыгып калса сөзсүз бүтүрүп анан кетишет. Дайыма кайсыл бир маселе болсо чогуу олтуруп чечебиз. Жасаган жумушуна жараша кечиктирбей айлыгын алып турушат.
--Эгемендүүлүк күнүнө карата элге куттуктооңуз....
--Кылым карытып өзүнүн бай тарыхы, сонун салты, көз кубанткан калпагы, кийими, бейиштей жери менен жашап келе жаткан элибиз аман болсун. Балдарыбыз кайрымдуу, кїйїмдїї, карыларыбыз уяттуу, ырыс-кешиктүү бололу.
Баян Кулова
Булак: "Де-факто"