www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Алай районунун Гүлчө айылында Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына премьер-министр Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков жана парламенттин депутаттары, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, министрлер, мурунку ички иштер министри Мелис Турганбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашов, Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов жана башка катышууда. С.Исаков жакындарына көңүл айтып жатып: «Жыргалбек Айтиевич, Сиз биздин жүрөгүбүздөсүз. Өзбек-кыргыз чек арасы ачылганда аябай сүйүндүңүз эле. Алдыга койгон көп максаттарыңыз бар эле. Кош болуңуз. Биз Сизди унутпайбыз», - деди. Мындан тышкары, парламенттин төрагасы Дастан Жумабеков, «Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбеков жана башкалар маркумдун жакындарына көңүл айтышты. Ж.Калмаматов 1972-жылы Ош облусунун Алай районунда туулган.
Маркумдун артында 7 кыз, 2 уулу калды.
Жаткан жери жайлуу,топурагы торко болсун!
Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Булак: NazarNews.kg