www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Оогастандагы башка улуттагы террордук топтор Борбор Азиядагы жерлерди көзөмөлүнө алууга аракет кылат. Мындай пикирди белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов билдирди.
--“Ооганстандагы башка улуттагы террордук топтор “Талибан” кыймылы негизинен пуштун улутундагылардан турат, алар – Ооганстандын негизги калкы жана Пакистандагы улуттардын экинчиси. Кыймылдын ийгилигинин себептеринин бири да ушунда.
Антсе да анын курамына кошулуп кеткен, калкалоосунда жүргөн, Кудайдан жөө качып кутула албаган башка улуттагы террордук топтор бар. Алар жаңы өкмөт менен тил табышса бир жөн. Бирок араздашып кете турган болсо бир маршруту Пакистан менен Индияга, бир маршруту Түркмөнстанга качат. Дагы башкалары Борбор Азия мамлекеттерине келип, кырдаалдын туруктуулугун бузуу аркылуу өзүнө убактылуу болсо да бир топ жерлерди көзөмөлүнө алууга аракет кылышы ыктымал”, - дейт Касаболотов.
Булак: NazarNews.kg