www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери Сергей Лавров менен Руслан Казакбаев Бишкектеги соода борбордо болгон чуулуу окуяны талкуулады. Бул тууралуу Россиянын ТИМи билдирди.
Россия тараптын демилгеси менен министрлер телефон аркылуу сүйлөшкөн. Лавров Кыргызстанда орус тилдүү калкка карата жасалган улутчулдук мамиле орус коомчулугунда резонанс жаратканына кесиптешинин көңүлүн бурган.
"Министр Кыргыз Республикасынын бийлик органдарын биздин мекендештердин ар намысын жана укуктарын тебелетпөө үчүн мындай окуяларга ыкчам түрдө реакция кылууга чакырды", — деп жазылат РФ ТИМинин билдирүүсүндө.
Казакбаев өлкө жетекчилиги улутчулдуктун бардык түрүнө катуу чара көрөрүн жана орус тилдүү калктын укугун толугу менен камсыздоо үчүн орус тилинин ролун бекемдөө улантыларын билдирген.
Ошондой эле регионалдык тематикада, анын ичинде Афганистандагы кырдаалдын өрчүшү жана анын Борбор Азияга болгон таасири боюнча маселелер талкууланган.
Эске салсак, 2-августта бейтааныш эркек киши мас болуп алып, Бишкектеги соода борборунун биринде кассир болуп иштеген кыз менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чапкан.
Аталган факт алгач Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен каттоого алынган. Бирок кийин иш кайра 266-беренеге ("Бейбаштык") өзгөртүлгөн.
13-август күнү бул жаран шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан соң анын Октябрь райондук соту бөгөт чарасын карап, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына бир айга камоо чечимин чыгарды.
Булак: NazarNews.kg