www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 15-август күнү кечинде Өзбекстандын Сурхандарыя облусунун Шерабад районунда Афганистандын аба күчтөрүнүн белгилери бар учак кулады.
Интернетте кырсыктын сүрөттөрү жана видеолору тарады. Ал жактан талкаланган учактын тетиктерин көрүүгө болот.
«Gazeta.uz» басылмасынын булагы билдиргендей, Афганистандын 2 аскер кызматкери Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборунун Термездеги филиалына жеткирилди.
Ага чейин 1 күн мурун аталган ооруканага Афганистандын 3 аскер кызматкери жеткирилген.
Такталбаган маалымат боюнча, кыйраган учактагы адамдар парашют менен секирүүгө жетишкен.
Ошондой эле Өзбекстандын 1 аскер кызматкери дагы оор абалда ооруканага жеткирилгени айтылууда. Анын жогорудагы кырсыкка тиешеси бар-жогу азырынча белгисиз.
Эске салсак, 14-августта Өзбекстан өзбек-афган чек арасынан өткөн Афганистандын 84 аскер кызматкерин убактылуу кабыл алган. Аларга медициналык жардам көрсөтүлүп, афган тарап менен аскерлерди кайра мекенине кайтаруу жөнүндө сүйлөшүү жүрүп жатканы кабарланган.
Булак: NazarNews.kg