www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай күчтүү мамлекет, ал жоочуларын да, качкындарын да жолотпойт. Мындай пикирди белгилүү журналист, акын Жыргалбек Касаболотов айтты.
--“Кыргызстан Ооганстан менен түздөн-түз чектешпейт. Ортосунда Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан бар. Кытай күчтүү мамлекет, ал жоочуларын да, качкындарын да жолотпойт, андыктан мындан ары аны кеп кылуунун да кажети жок. Ушу тапта качкындар Өзбекстан менен Тажикстанга кире качууда.
“Талибан” кыймылы чектеш мамлекеттерди басып алуу планы жок экенин далай жолу расмий билдирген жана бир да жолу андай планы бар деген күмөн ойлорго негиз болчу аракеттерге барган эмес. Анын негизги максаты – өз өлкөсүндө шариат эрежелерин толук орнотуу жана толук ислам мамлекетин түзүү.
Андыктан жакын арада ал коңшулаш мамлекеттерди басып алат же алар менен түздөн-түз кагылышууга барат деп эсептөөгө негиз жок. Бирок башка үч коркунуч бар. Үчөө тең жакынкы келечекте күч алышы мүмкүн”, - дейт журналист.
Булак: NazarNews.kg