www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы түнкү клубдун администраторуна (кыз киши) кол салган адам Улуу Британиянын жараны экени белгилүү болду.

Социалдык түйүндөргө тараган видеодо бул чырга 2 эркек киши жана 1 кыз катышканы көрүнөт. Эркектердин бири кызды чаап, андан кийин качып кеткен. Бирок аны артынан жетип кармаган жарандар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Окуя болгон күнү түнкү клубда бир нече адам эс алып жаткан. Жабырлануучу кыздын айтымында, эс алуучулардын бири маданиятсыз жүрүм-туруму менен башкаларга тоскоолдук жаратып жүргөн. Ал адам жана жанындагы эс алуучулар кетип бара жатканда администратордон такси чакырып берүүнү суранышкан. Администратор аларды бош унаага чейин узатып чыкканын, ошол маалда өзүн агрессивдүү көрсөткөн чет өлкөлүк адам ага англис тилинде жаман сөздөрдү айтып, андан кийин кол көтөргөнүн айтууда.

Ленин РИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 16-августта билдирген маалымат боюнча, 3-августта таңга маал Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Жабырлануучу милиция кызматкерлерине кайрылып, бул факт Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбашчылык) менен катталган.

Ошол эле күнү Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери чет өлкөлүк жаранды РИИБге жеткиришкен. Эксперттер арыз ээси денесине жаракат албаганы тууралуу кортунду чыгарып беришти.

Кайрадан экспертиза дайындоо, анын жыйынтыгы менен юридикалык баа берүү иштери жүрүп жатканы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости