www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Нуралиевдин жактоочусу NazarNews маалымат агенттигине кеңири интервью берди. Анда ал шектүү "Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчиси Мелис Турганбаевге каршы көрсөтмө берди" деген маалыматты четке какты.
- Аваз мырза, камакка алуу жана шектүүгө коюлган айып боюнча кандай комментарий бере аласыз? Чыныгы далил барбы?
- Тергөө Таалайбек Нуралиевди негизсиз кармады. Бизде салттуу түрдө, адегенде кармашат, анан далил базасын түзүшөт же кандайдыр бир кылмыштын белгилерин табышат.
- Таалайбек Нуралиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Мелис Турганбаевге каршы көрсөтмө бердиби?
- Нуралиев Таалайбек атайын комиссияда функционалдык милдеттери жана ишмердүүлүгүнө байланыштуу айрым эпизоддор боюнча гана көрсөтмө берди. Кээ бир булактарга таянуу менен мурда таратылган маалыматтар такыр негизсиз. Бул карандай калп.
- Тергөөчүлөр шектүүгө кандай суроолорду бергенин айта аласызбы?
- Болжолдуу кылмыш иштери тууралуу эч кандай суроо берилген жок. Анын үстүнө Нуралиев жеткирилген билдирүүнүн маңызын түшүнбөйт, ал тургай эмне жөнүндө көрсөтмө берүүнү да билбейт. Ал өзүнүн функционалдык милдеттери үчүн гана далилдерди берди.
Аваз Мамбетакунов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде Нуралиев камакка алынган учурда Мелис Турганбаев чет өлкөдө болгонун жана бир жылдан ашык убакыттан бери КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болбогонун айтты. Анын айтымында, кээ бир жергиликтүү басылмалар тараткан маалымат - бул карандай калп. Демек, Мелис Турганбаев кааласа жалаа жабуу үчүн сотко кайрыла алат.
Эске салсак, 13-августта айрым интернет басылмалар өз булактарына таянуу менен: "Мурунку Ички иштер министри жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын министри Мелис Турганбаев УКМК тарабынан кармалышы мүмкүн..." деген аталышта маалымат таркатышкан... Анын кармалышына Таалайбек Нуралиевдин көрсөтмөсү себеп болушу мүмкүн делген.
Булак: NazarNews.kg