www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган алдамчыны кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК алдамчылык фактысы боюнча, өзүн УКМК төрагасынын уулу Таймурас Ташиев катары тааныштырып, "Б.Х." компаниясынын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн Д.Р.Д. аттуу жаранды кармады.

Тактап айтканда, Д.Р.Д. келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, «Whatsapp» тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн, андан кийин өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган. Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган.

Азыркы учурда КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, КР ЖПКнын 96 жана 97-беренелери боюнча Д.Р.Д. аттуу жаран КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Последние новости