www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тууганы тарабынан зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүү жасаган өспүрүм боюнча териштирүүнүн жыйынтыгы чыкканы кабарланды.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда Чүй районунун 14 жаштагы тургунунун кайрылуусу тартылган видео тарады. Анда өспүрүм туугандары тарабынан зомбулукка кабылганын билдирген.
Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы маалымдагандай, текшерүүнүн жүрүшүндө жаш өспүрүмдүн көрсөтмөсү алынган.
Өспүрүмдүн айтымында, ал мектептен кийин жана дем алыш күндөрү аталаш агасына мал чарбачылыгы боюнча жардам берет. Бала интернет булактарында тараган видеодо тууганы тарабынан колуна курч нерсе менен жаракат алганы тууралуу ойлонбой айтып алганын билдирген. Буга анын жөжөлөрдү карабай койгондугу үчүн агасынан уруш укканы себеп болгон.
Мындан тышкары, өспүрүм өзүнүн ата-энеси менен бирге жашай тургандыгын билдирген.
«Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында жаш өспүрүмгө карата системалуу түрдө зомбулук көрсөтүү же кыйноо фактылары аныкталган жок. Учурда окуя боюнча бардык күбөлөр суралып, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, окуянын бардык жагдайларын толук, объективдүү жана ар тараптуу аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат», - деп айтылат расмий билдирүүдө.