www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочулар СИЗОдо отурушкан бир тууган эже-сиңди хачатуряндардын абалынан кабар алып турушат. Коомдук байкоочу кеңештин мүчөсү Иван Мельников зордукчул атасын бычак сайып өлтүргөн үч бир тууган эже-сиңдилердин абактагы шарттары тууралуу айтып беришти.

“Алар карантинде кармалып турушат. Үчөө үч башка камерада. Алар бири-бири тууралуу аябай кабатырланышууда. Кыздардын бирөө мага эң кыйыны ажырашуу болуп жатканын айтты – алар өмүр бою бирге жашашчу, эми болсо бөлүп салышты” – дейт укук коргоочу.

Мельниковдун айтымында, кыздардын кичүүсү жашы жете электердин камерасында отурат. Бул камера өзгөчө шарттары менен айырмаланат: анда муздаткыч, сыналгы, стол оюндары жана китептер бар. Улуусу жалгыз, а ортончусу – дагы эки камералаштары менен жайгашкан. “Алардын абдан бүлүнгөнү көрүнүп турат, ыйлашкан. Алар кабатырланууда, кыжалат болушууда” – дейт ал.

Мельников кыздар СИЗОго кийимдерин алып келүүнү суранышканын айтты. “Биз тергөө изоляторунун жетекчилигине алардын кийим-кечесин берүүгө жардам берүүгө көрсөтмө бердик, ошондой эле кыздардын коопсуздугун камсыздоону жана буга дыкат көңүл бурууну сурандык” – деп билдирди укук коргоочу.

Эске салсак, 27-июлда Алтуфьев шоссесиндеги үйдөн Хачатуряндын мойнуна жана көкүрөгүнө миздүү нерседен жараланган жансыз денеси табылган. Адам өлтүрүүгө шектелип анын үч кызы кармалып, алар күнөөсүн мойнун алышкан. Укук коргоочулардын айтымында, атасы кыздарын сабачу, мектепке жөнөтчү эмес жана кул катары пайдаланчу. 2-августта сот эже-сиңди кыздарды 28-сентябрга чейин камакка алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости