www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялдан амал качып кутулбайт экен да. Дегеним, Жалал-Абад шаарында таксистке “зордуктадың” деген жалаа жаап акча талап кылган үч аял кармалды. Бул тууралуу “Спутник” сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү жергиликтүү жаран зордуктоо боюнча жалаа жабуу менен эки аял акча алганын айтып милицияга кайрылган. Анда окуянын курмандыгы болгон жаран: “Шаарда Токтогул көчөсү менен баратсам бир аял унаама отуруп, баласын шаардан алып, анан үйүнө жеткирүүнү суранды. Бирок бир аздан кийин кызыл түстөгү жеңил машинанын жанына токтотту. Анан эки аял чыга калып эле “сиңдимди зордуктадың” деп жалаа жаап, унаанын техникалык паспорту менен айдоочулук күбөлүгүмдү тартып алды. Муну милицияга жеткирбей бүтүрөрүн айтып менден 15 000 сом алышты”, – деп көрсөтмө берген.

Ошол эле күнү опузалоо фактысы боюнча иш козголуп үч аял кармалган. Алардын экөө Жалал-Абад облусунун 34 жаштагы жана мурда соттолгон 40 жаштагы жашоочулары болгон. Дагы бири Өзбекстандын 39 жаштагы жараны экени аныкталган. Тергөөнүн натыйжасында соттун өкүмү менен 34 жаштагы аял эки айга камакка алынып, калган экөө үй камагына чыгарылды.

Булак:"egemen.kg"

Последние новости