www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура блогер Батмакан Жолболдуеванын абакта кармалып турганда «зомбулук көрдүм» деген билдирүүсү тууралуу 30-январда маалымат берди. Мекеме текшерүү жүргөнүн, анын жыйынтыгында Жолболдуева менен ал «зордуктады» деп айткан Н.С. аттуу жаран бир учурда бир жабык жайда кармалбаганы аныкталганын билдирди.

«Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ошол эле жылы 13-апрелде Жалал-Абад шаарындагы №53 түзөтүү мекемесине которулган. Ал эми Н.С. атуу жаран 2022-жылы 28-мартта Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 8-апрелде Ош шаарындагы №25 мекемеге которулган жана 2-июнга чейин ошол жерде болгон.

Мындан сырткары, Жолболдуева колун кесүүгө “ага коюлган айыпка макул эместиги” себеп болгондугун 2022-жылы апрелде жүргүзүлгөн тергөөгө чейинки аракеттер учурунда билдиргендиги тастыкталды. Бул факты боюнча өз учурунда ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Баткен РИИБнин жетекчилигинен баштап нөөмөтчү кызматкерге чейин, жалпы 19 кызматкер ар түрдүү тартиптик жазаларга тартылган”, — деп жазылган маалыматта.

Мекеме ушул себептердин негизинде Баткен райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоодон баш тартканын, мындай чечимдин мыйзамдуулугу учурда Баткен облустук милициясында каралып жатканын кошумчалады.

 

Последние новости