www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Биримдик" партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоо курч өткөнүн, шайлоочулар активдүү катышканын билдирди. Зулпукаров шайлоодо утуп чыгарына алдын ала ишенгенин, буга партияга күчтүү команда түзүлгөнү себеп болду деп айтты:

"Добуш берүүдө биздин партияга административдик кысым колдонулду. Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында бул байкалды. Биздин партиянын өкүлдөрү ага байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссиясына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууларды мыйзам чегинде чечүү керек".

Төрөбай Зулпкукаров "түрдүү бут тосууларга, партияны жаманатты кылуу аракеттерине карабай, ишеним артып, шайлап берген" шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча "Биримдик" партиясы 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо эң көп, 24,5% добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү. «Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

Бир катар партиялар шайлоодо административдик ресурс колдонулганын, добуштар сатылып алынганын белгилеп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришүүдө.

Булак: www.azattyk.org

Последние новости