www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор Курманкул Зулушев Октябрь районунун прокурорунун орун басарынын кармалышы боюнча президенттен кечирим сурады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып айтты.
"Бир карын майды бир кумалак чиритет дегендей прокуратура кызматкерлерине көлөкө түшүргөндөр да бар. Майрамдын астында эки күн мурдагы иш катталганы үчүн кечирим сурайм", - деди баш прокурор.
Мунун алдында презединт Садыр Жапаров прокуратура тармагында иштегендерди кесиптик майрамы менен куттуктап, бул системада иштегендердин арасында ишин абийирдүүлүк менен аткарбаган кызматкерлер бар экенин белгилеген.
Улутутк коопсуздук боюнча мамелкеттик комитет (УКМК) опузалап пара алуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалганын 18-ноябрда кабарлаган.
Расмий маалыматка караганда, шектүү кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар акча каражатын талап кылган.
Кармоо учурунда жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алганы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылып алынган.
Прокурордун орун басары УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg