www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошентип, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо үчүн белгиленген дата улам жакындаган сайын, көпчүлүк саясий күчтөр жана жогорку эшелондогу саясатчылар үчүн тагдыр чечүүчү күн абдан жакын калган сайын, мурдагы шайлоолордон кескин түрдө айырмаланып, коомдук-саясий аба-ырайына дароо таасир этип, шайлоочулардын гана эмес, жалпы элдин бүйүрүн кызытып, элдик кызуу талкууларга айланган, резонанстуу окуялар дээрлик орун албады.
Айрым гана локалдык мүнөздөгү температуранын кескин көтөрүлүшүн жана да дароо басаңдашын эске албаганда (“Азаттык” партиясынын Ош шаарындагы орун алган конфликти сымал), эч кандай деле чектен тыш окуялар жана дагы жалпы коомчулуктун киришүүсүн талап кылган талаштуу маселелер жаралбады… Азырынча…
Деген менен, коомдук-саясий кыймылдын буусу сыртка чыкпай, ичтен гана тымызын буркулдап, өзү менен өзү болуп, катуу кайнап жатканы бир эсе таң калтырса, экинчи жактан тынчсыздандырбай койбойт. Себеби, “буу”, физиканын закондоруна ылайык, белгилүү бир ченге чейин гана тынч жагдайда жыйылышы мүмкүн, а андан ары, боштукка такыр батпай бара жаткан кезде, сыртка атылып чыгууга жол издеп, такыр эле жылчык да таппай бара жатса, чоң жарылууга да алып келет эмеспи!..
Кантсе да, соңку кездерде көңүл борборунда болуп жаткан айрым окуялар дал жогорудагыдай, күтүүсүздөн болуучу “чоң жарылууну” алдын алуучу аракеттер катары сезилип жатканы да анык. Айталык, Улуттук Мамлекеттик Коопсуздук комитетине уюшкан кылмыштуу топтордун (ОПГ мүчөлөрүн) лидерлерин чакырып алып, суракка алуусу жана да алар менен профилактикалык маектешүүлөрдү өткөрүү сыяктуу жараяндар — эң жогорку бийликтин өкүлдөрү жана атайын кызматтар тарапта дагы кандайдыр бир кооптонуулар бар экендигин ырастоодо…
Мурдагы шайлоолордо жана чоң саясий окуяларда криминалдык чөйрөлөрдүн активдүү катышуусу жана да кээ бир учурларда чечүүчү факторлордун бири катары таасир этүүсү, айрым чоң саясатчылар жана бийликтин айрым структуралары тарабынан алардын колдоосу тымызын, бирок, кеңири пайдаланылып келгендиги жашыруун деле эмес!
Бул тууралуу ыраматылык Рысбек Акматбаев саясатка өтүп, публичный аренага ачык чыгып, коомдук-саясий фигурага айланууга аракет кыла баштаган мезгилинде өз интервьюларында бир нече ирет ачык айтып чыкканы бар.
Ал эми Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев сымал коомчулукта кеңири таанымал депутаттардын, ж. б. саясий фигуралардын атылып өлтүрүлүшү — спортсмендердин өз ара таасир этүү чөйрөсүн кайра бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы, же ошол чөйрөдөгү спортчулардын криминалдык күчтөр менен дайыма тыгыз байланышта болуп келгендиги катары сыпатталгандыгы маалым…
Андан бери, тарыхый чен-өлчөм менен алганда, анча көп деле убакыт өткөн жок. Арийне, он беш-жыйырма жылда коомчулук такыр таанылгыстай болуп, эл арасында эзелтен эле кадыресе калыптанып калган салт-санаалар жана өз ара мамиле түзүү ыкмалары кескин өзгөрүлүп кетишин күтүүнүн өзү деле кандайдыр бир нонсенс катары туюлушу да мүмкүн.
Ошондуктан, өткөн жылдан бери (октябрдагы эң соңку парламенттик төңкөрүштөн бери!), “биз мындан ары криминалды эч качан баш көтөртпөйбүз!”, “вор в закон болгулары келишсе — биздин өлкөдөн чыгып кетишсин!”, “криминалдык иштерин башка жакка барып жасашсын!” — деген сыяктуу билдирүүлөр байма-бай айтылып келгени менен да, демек, ал күчтөрдүн тымызын таасири сакталып кала бергендей туюлууда.
Кудайга шүгүр, азырынча ал тымызын жана жашыруун аракеттенүүчү күчтөрдүн өз ара күрөшүнө жана “разборкаларына” жете элекпиз. Балким, азыркы бийлик чын эле, өздөрү айткандай, аларды биротоло ооздуктап, ашынган жана мыйзамсыз кадамдарга барууга жол бербес…
Өтө жай жана азырынча эч кандай эксцессиз жүрүп жаткан шайлоо кампаниясынын азыркы абалынын фонунда, Өкмөттүк эмес уюмдар менен Өкмөттүн өкүлдөрүнүн коомчулук алдына чыккан полемикасы кыйла эле кызыктуудай жана коомдук-саясий жашоонун бир аз жандануусундай сезилиши да мүмкүн.
Асыресе, коомдук пикирди казак менен кыргыз төкмө акындарынын курч айтышындагыдай кызыта албаса дагы, Эдил Байсалов менен Чолпон Жакупованын сырттан болгон (заочный) кайым айтышуулары кыйла эле көңүл бурууга арзый турган темалардын бири болуп саналат.
Анткени, өкмөттүк эмес уюмдар дагы жакынкы убактарга чейин эле, көбүнесе ири саясий кампаниялар тушунда ашкере жанданышып, дайыма оппозициялык күчтөрдү ачык колдошуп, аларды каржылап жана аларга таянуу аркылуу өз ишмердиктерин жана көмүскө программа-саясаттарын жүргүзүп келишкени маалым.
Андай өкмөттүк эмес уюмдардын жалпы саны Кыргызстанда 3–4 (өч-төрт) миңдеп саналышып, СНГ аймагында айрыкча Кыргызстанда алар ашкере активдүү ишмердик алып барышчу.
“Чимкирик” атка конгон парламенттин позитивдүү ишмердигин белгилөөдө, калыстык үчүн айтып коюу зарыл, дал ушундай өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигине байланыштуу кабыл алынган мыйзам болуп калды.
Демек, чет жактан жана конкреттүү кимден канча каражат алып жатышкандыгы, ал каражаттардын кандай иштерге жана кантип, кандай жолдор менен сарпталып жаткандыгы мыйзам чегинде көзөмөлгө алына баштаган соң, өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердиктери да дароо пассивдүү мүнөзгө өтүп, мурдагыдай коомдук-саясий турмушка катуу таасир эте албай калышканы түшүнүктүү.
Бул өңүттөн алып караганда, өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара ички разборкалары жана дагы ичинен былгыган ыйкы-тыйкыларынын көбү келечекте дагы ачыкка чыгышы мүмкүн. Кыскасы, Чолпон Жакупова азыркы өкмөттүн вице-премьер министри, социалдык блокту жетектеген Эдил Байсаловдун кайсыл бир билдирүүсүнө чычалап, анын өзүн кескин сынга алышы — бул чөйрөдөгү жаңы этаптын башталышы гана деп айтууга болот.
Азыркы учурдагы вице-премьер министр Эдил Байсалов, өкмөттүк эмес уюмдарды өздөрүнүн эч кандай программалары жок болсо да, иштеп, аракет кылып жаткан өкмөттү эч далилдери жок, эч кандай иштиктүү сунуштарды бербей эле, курулай сындай беришет дегени — бул ошол өкмөттүк эмес уюмдарды ичтен билген адамдын пикири экендиги талашсыз.
Ошентсе да, Байсаловдун калыс пикирине Чолпон айым катуу чычалап, өзүн дароо беттен алып, бир кезде сен аткаруу бийлигинин каарына калып, сага кылмыш иши козголуп, мага шолоктоп ыйлап, жалдырап жардам сурап келгениңде, биз сени коргоп калбадык беле?! — деген мааниде жооп кайтарыптыр.
Ошол мезгилдеги фактыларга кайрылсак, 2007-жылы Борбордук шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиянын мүчөсү Эдил Байсалов даярдалган шайлоо бюллетенин сүрөткө тартып, жарыялап жибергени үчүн БШК даяр бюллетендердин баарын (2,7 млн экземпляр!) жок кылууга мажбур болгон.
БШкнын жана Генпрокуратуранын маалыматы боюнча, Эдил Байсалов бул кадамы менен мамлекетке 11 млн сомдон ашуун (же $325 миң доллар) зыян келтирген.
Кызык, азыр ошол кылмыш иши кандай абалда турат? Жабылганбы, же мамлекетке келтирилген зыяндын орду толтурулганбы? Толтурулса, кимдер тарабынан? Дегеле, мамлекет өтө оор социалдык-экономикалык кризиске батып, ар бир миллион сом эмес, андан он эселеген аз суммадагы каражаттар дагы тартыш болуп жаткан.
Дегеле, мамлекеттик чоң чиновниктерге жана чоң саясатчыларга карата, түздөн-түз жасалган кылмыштык жоппкерчиликтен сырткары дагы, мурда жасашкан тигил же бул тескери жоруктары жана мамлекетке келтирген зыяндуу иштери боюнча моралдык жоопкерчилик алардын моюнунда дайыма илинген моло таш сыңары кала берүүгө тийиш.
Ошондой талап коюла баштаганда гана биз мамлекеттик жетекчилердин тазаланышына жана андай кадамдардан алыс болушуна жетише алабыз.
Азыркы кезде түрмөдө жатып алып, убактылуу кармоочу жай жана азырынча сот жообуна тартыла элек жаран катары учурдагы Жогорку Кеңешке шайлоо кампаниясына талапкер катары катышып жаткан Равшан Жээнбеков дагы бир кезде абдан булганыч өткөн приватизация жараянында чалмакейди абдан катуу чалган деген кептер коомчулукта алиге чейин басыла элек. А бирок, эмнегедир, ал азыр такыр башка кылмыш иши боюнча жопко тартылууда…
Кечээ жакында эле дагы бир өзүн оппозициячыл саясатчы катары сыпаттаган жана да кез-кезде парламент трибунасынан өкмөткө жана расмий бийлик саясатына каршы ар кандай сындарды айтып жүргөн Дастан Бекешовдун тегерегинде да коомдук чуулгандуу пикирлерди жаратуу аракети жасалды.
Шайлоо кампаниясына таасир этүү, оппозицияны колдоо сыяктуу “табигый” функцияларынан автоматтык түрдө ажырап калышкан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да, баштары айланып, кайда барарын билбей, бир орунда туруп алып тегеренишкен койлордон бетер, баягы эски пластинкаларын кайра кое албай жатышкансыйт.
Мисалы, Дастан Бекешов — жашы жете элек балдардын үгүт иштерине тартылышына байланыштуу атайын кызматтарга жооп беришин таанымал жарандык активист Азиза Абдирасулова: кимдир бирөөлөр андан өч алып жатышы да мүмкүн деп болжолдоп жиберди…
Туура, бул жолку шайлоо кампаниясында опозициянын үнү такыр эле өчүп, жок сыяктуу эле болуп калганы, кимдир бирөөлөргө таң калычтуу сезилиши мүмкүн. Бирок, тереңирээк талдай келгенде, бул эч кандай деле таңдандыра турган жагдай эмес экендигине ынанууга аргасыз болосуң.
Анткени, бизде туруктуу жана системалуу оппозиция эч качан болгон эмес. Оппозициячыл жана өкмөттүк эмес уюмдарда мурда сын айтып жүрүшкөндөрдүн баары тең, алар жогорку кызматтарга илинишери менен эле, тескери сүйлөй башташканы (жаңы мисал — Эдил Байсалов сымал) эбак эле көнүмүш көрүнүшкө айланган.
Дал ошондуктан улам, мурдагы бийлик тушундагы айрым оппозициячыл сымал кадамдарын жана аракеттерин жаңы бийлик алдында өздөрү аларга сиңирип койгон өзгөчө кызмат катары көрсөтүүгө аракет кылышкан учурлар да көп кездешүүдө.
Маселен, “Кырк чоронун” уюштуруучуларынын бири — коррупция менен күрөшүүдө адегенде абдан активдүү билдирүүлөрдү жасап жүргөн Сыймык Жапыкеев кечээ жакында социалдык тармактар аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, өзүнүн мурдагы коллегасы жана азыр пара алууга шектелип түрмөдө жаткан Мелис Аспековду үй камагына чыгарып коюну суранды.
Жапыкеевдин эң башкы аргументтеринин бири — бул жигит азыркы президент Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарууга чоң салым кошкондугу экен.
Азыркы бийликти колдоо эч убакта мурдагы жана кийинки жасаган кылмыштар боюнча жоопкерчиликтен коргой турган индульгенция катары кабылданбашы керек. Тескерисинче, мындай кадам кошоматчылыктын жана тигил же бул саясатчынын позициясынын тайкылыгы, туруктуу эместиги экендигин гана ырастайт.
Ал эми кошоматчылар жана андай саясатчылар бизде өтө көп. Эл жана мамлекет андайларга муктаж деле эмес.
Булак: Жаңы Ордо гезити