www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда өлкөнүн Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада аларды кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кыматы билдирет.
Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:
«Прокуратура органдарынын урматтуу кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Прокуратура кызматкерлеринин күнү — кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Мамлекетибиз эчен татаал мезгилдерди баштан кечирип, далай тайгак кечүүлөрдөн өтсө дагы прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкен.
Ошол эле маалда кайсыл замандын талабы болбосун, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу, баш оту менен өз кесибине берилген, мекен үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотууга жан берүүсүн аябаган адамдар эмгектенишет.
Урматтуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздер өз өмүрүңүздөрдүн курч мезгилин прокуратурада кызмат өтөөгө арнап, прокурорлук көзөмөлгө алгачкы кадам таштаган жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөттүңүздөр.
Бүгүнкү кесиптик майрам күнү сиздердин биздин коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, мамлекет башчысы катары чын дилимден ыраазычылык билдирем».
Булак: NazarNews.kg