www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Раззаков жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, “Олимп” бизнес борборунун жанында электромобилдерди тез кубаттоочу алгачкы (суперчарджер) станция пайда болду. Электромобилди кубаттоо акысыз, бирок айдоочу аны өз алдынча колдоно албайт.
Станцияны өлкө аймагында унаанын бул түрүн сатуу менен алектенген "Electromobile.kg" жеке ишканасы компаниясы орноткон. Бул тууралуу компаниянын ээлери Instagram социалдык тармагындагы баракчасынан билдиришти. Станциясы алардын кеңсеси жайгашкан имараттын жанында жайгашкан.
Компания өкүлдөрүнүн айтымында, станция өзгөрмө токту туруктуу токко айландырат, бул электр унаасынын аккумуляторун 1,5 саатта 0дөн 100%га чейин кубаттоого мүмкүндүк берет.
Булак: NazarNews.kg