www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зулушевден оомат кетип, башына кара булут айланууда

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине экс-депутат, экс-баш прокурор Курманкул Зулушевди рейдерликке айыптаган жарандын дооматын текшерүүнү тапшырды.

Мамлекет башчы Ош облусуна сапарынын алкагында 14-апрель күнү Өзгөн районунда эл менен жолугушуп, арыз-дооматтарын уккан. Жолугушуу учурунда райондун Дөң-Булак айылынын тургуну, өзүн "Бал-Көчөт" акционердик коомунун жетекчиси Аттокур Бусурманкулов деп тааныштырган жаран "1991-жылы түзүлгөн акционердик коомуна караштуу жерди жана мүлктөрдү Курманкул Зулушев командасы менен чогуу тартып алганын айткан. 

 "2021-жылга чейин иштедик. 2021-жылы сиздин айланаңыздагы - бийликтеги Курманкул Зулушев баш болгон команда рейдерлик жол менен басып алган. 40 гектар көп жылдык бак, курулуштар жана башка мүлктөрүбүздү", - деди Бусурманкулов.

Президент Садыр Жапаров ошол эле жерден УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге маалыматты текшерүүнү тапшырды.

Сыягы, Зулушевдин башына кара булут айланып, мыйзамдын укуругу мойнуна салынганы калды өңдөнөт.

Последние новости