www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Саломе Зурабишвили АКШнын президенти Дональд Трампка кайрылып, өлкөсүн Орусиядан коргоону өтүндү. Бул тууралуу The Hill басылмасы жазды.
Саясатчы АКШнын жаңы президентине жетүү үчүн жеке байланыштарын колдонууга аракет кылып жатат. Басылманын маалыматына ылайык, Жо Байдендин мурунку администрациясы протоколду карманып, Зурабишвилиге жол жабылган болчу.
Журналисттердин маалыматына караганда, Зурабишвили Трампка Орусия Грузияны «оюн аянтчасына» айландырып жатат деп түшүндүрүүнү көздөп жатат. Эгер АКШнын президенти бул аймакка кызыгуу көрсөтпөсө, өлкө Орусия менен Кытайдын таасир чөйрөсүнө түшүп калат, деп эскерткен Зурабишвили.
22-январда Зурабишвили АКШнын администрация өкүлдөрү менен жаңы президенттин инаугурациясы учурунда сүйлөшүүлөр болгонун айтты. «Менин Вашингтондогу башкы билдирүүм — Грузия бүгүнкү күндө биздин америкалык достордун көңүл буруусуна муктаж болуп жатат», — деп билдирди ал.
8-январда Зурабишвилинин жаңы жумуш орду жөнүндө белгилүү болду. Грузиянын мурдагы президенти АКШнын Аризона университетиндеги Маккейн институтунда Киссинджер стипендиаты болуп иштей турганы айтылды. Анын милдетине студенттерди демократияны курууга үйрөтүү кирет.
Мурда Зурабишвили өзүн жалгыз мыйзамдуу президент деп атаган. Ал жана Грузия оппозициясы 26-октябрдагы шайлоонун жыйынтыктарын, ошондой эле шайлоочулар коллегиясынын экс-футболист Михаил Калевашвилини президент кылып шайлоосун тааныган эмес. «Грузия кыялы» башкаруучу партиясына каршы нааразычылык акциялары уланууда.